Камила Талиева: “Бишкек – Кыргызстандын ордо калаасы, эч ким кайдыгер болууга акысы жок”

Мезгил

Борбор шаарыбызга мэрликке талапкерди шайлоо жолу менен Эл тандашы керек, бирок мындай учурда мыйзамды өзгөртүү талабы келип чыгат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Камила Талиева билдирди.

Камила Талиеванын көз карашында бүгүнкү күндө борбор калаабызга башчы болом деген талапкерди бир канча критерийлер тандоо менен мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл.

-Биринчиден талапкер шаардын көйгөйлөрүн жакындан билген, чарбачыл, мээнеткеч, жаратман инсан болушу абзел. Экинчиден социалдык- эконмикалык абалды терең түшүнгөн, өзүнө да, командасына да талапты катуу койгон, принципиалдуу, мамлекетчил инсан болсо. Анан эң негизгиси өзүнүн жеке кызыкчылыктарын, шаардын жана шаар тургундарынын кызыкчылыктарынан жогору койгон бизнес чөйрөсүнүн өкүлү эмес, шаардагы тазалыкты биринчи орунга койгон, ордо калаанын инфраструктурасы үчүн  болгон билимин жумшаган заманбап адис болсо деп ойлойм, -деди Камила Талиева.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон жеке ишкерлер келсе өз чарбасын гүлдөтүү үчүн жан үрөп, элдин, шаардын кызыкчылыгы экинчи орунда калаарына буга чейин коомчулук күбө болгонун баса белгилейт. Ошондой эле борбор калаанын «кожоюндугуна» татыктуу талапкер чыгышын коомчулук бийликтен талап кылышы керек деп кошумчалайт.

 – Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы талапкер катары алып чыккан Азиз Суракматов да курулуш компанияларынын, бизнесинин кызыкчылыгын биринчи орунга койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан  шаардын түйшүгү менен гана алек болгон талапкер келиши керектигин коомчулук бийликтен талап кылыш керек-деп ойлойм. Анткени, Бишкек бул  Кыргызстандын ордо калаасы. Ал үчүн эч ким кайдыгер болууга акысы жок деп эсептейм-деди Камила Талиева.

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка талапкер кылып Азиз Суракматовду тандады. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары, жалпысынан 33 депутат кирет. 

Айбек Бусурманкулов: “Анан ушул коррупционер кантип Бишкек шаарын өнүктүрөт?” Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы борбор калаанын башчылыгына талапкерлерди катташ үчүн документтерди кабыл ала баштады. Талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар жана өлкөнүн премьер-министри укуктуу.

БШКнын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген. 

Эске салсак,  13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал жемкорлук боюнча айыпталып 19-июлда кармалган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *