Кан төгүп, кун төлөп көнгөн Атамбаев чырпыктай жандын чырагын өчүрдү….

Мезгил

Кыргыз эли бир азамат баатырынан ажырады…

Кыргыз эли бир азаматынан ажырады, бир үй-бүлөнүн башына оор күн түштү, бир үйдөн ый чыгып турат. Эне балканактайынан чоңойтуп баккан баласын жерге бергени жатат. Ата азаматынан айрылды. Карындашы агасыз калды. Байкеси инисиз боздойт. А жетим калган балдарчы?…

Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн операция учурунда УКМКнын атайын күчтөрүнүн «Альфа» тобунун командиринин орун басары, атайын операцияны жетектеп жаткан Үсөн Ниязбеков окко учту. Атамбаев «үчүнчү кабаттан туруп ок чыгардым эле» деп моюндап жатат.

Кыргызстандагы №1 киллер, өз элине ок чыгарган корбашы Атамбаевдин сколой башынан, мекен үчүн, мамлекет үчүн курман болгон катардагы командир Үсөн Ниязбековдун аброю төөлүк өйдө турат.

 Мурда кандуу окуялардан соң каза болгон жарандардын туугандарынын үстүнө үй, колуна 1 миллиондон акча төлөп берип, ишти ырбатпай жаап, кун төлөп берип көнгөн Атамбаев чырактай жанган өмүрдүн өчүшүнө себепчи болду… Мыйзамдуулук кайда?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *