Канадага кеткиңиз келеби? Анда бул сиз үчүн

Мезгил

Канада да укуктук иммиграция канча турат?

Канада  –  экономикасы жана жашоо шарты мыкты  мамлекеттеринин катарын толуктайт.  Ошондой эле Канада Кыргызстандын жогорку квалификациялуу жарандары үчүн элдик иммиграцияны көздөгөнү да таң калыштуу эмес. Канаданын иммиграциялык саясаты — башка өлкөлөрдөн кесипкөй адистерди гана тартуу, андыктан кандайдыр бир адистикке ээ эмес жарандар кызыктырбайт.  Open Government порталынын маалыматына таянсак, Канада өкмөтү 2015-жылы  Кыргызстандын    130 жаранына    өлкөдө туруктуу жашоого  уруксат берген. Ал эми 2016-2017-жылдары  250дөн ашык  жаранга уруксат  берилген. Акыркы жылдары  Канада мамлекетине  жашаганга жана иштөө үчүн кызыккан кыргызстандыктардын саны  көбөйүүдө. Учурда кыргыз жарандары ал жакка көчүүгө канча каражат кетет деген суроого жооп издеп келишет.

Канадага кандай программа менен кетүугө болот? – деген  жана башка ушул сыяктуу суроолордун үстүнөн  жооп издеп  Канаданын өкмөтүнүн расмий сайтын карап көрдүк.

Анда, Канадага кетүүгө жардам берген бир нече программалар бар:

  1. Үй-бүлөнү колдоо программасы
  2. Квалификациялуу жумушчуларды колдоо программасы
  3. Бизнес баштаган ишканаларды колдоо жана өнүктүрүү программасы
  4. Башкалар үчүн кам көрүү программасы

Үй-бүлөөнү колдоо программасы

Канаданын жараны демөөрчүлүк жол менен жакын  үй бүлө мүчөлөрүн жана кээ бир учурларда алыскы туугандарын көчүрүп келүүгө укугу бар. Демөөрчүүлүк  колдоо көрсөтүү үчүн негизги талап: Жаш курагы бери дегенде  18-жаштан төмөн болбосу жана түрмө мөөнөтү жоктугу тамак- аш, түнөк, саламаттыкты сактоо жана иммиграттар күнүмдүк наркын жабууга каражаты болушу кажет.

Квалификациялуу жумушчуларды колдоо программасы

Канадада иштөө үчүн бир жылдан кем эмес тажрыйба болуш керек. Ошондой эле Канадалык компанияларга  келип иштегиси келген жарандын  жогорку билими, жетиштүү деңгээлде англис жана француз тилин билүүсү кажет.

Жеке ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү  программасы

Бул башка программаларга караганда бир аз кымбатыраак. Мындай программага катышуу үчүн  талап расмий тилдеринин бирин билүү.
Ошондой эле Канада мамлекетине  келип бизнес баштоону каалаган адамдын бул жаатта тажрыйбасы болушу зарыл.

Башкалар үчүн кам көрүү программасы

Бул программа Канадага мугалимдерди тартуу максатында иштелип чыккан. Мындай мүмкүнчүлүктү колдонгусу келгендер карыларды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, өнөкөт оору менен ооруган адамдарды багып иштейт.

Канча акча каражаты талап кылынат?

Бардык федералдык программалардын иммигранттарга койгон  талабы  – банк эсебине белгилүү бир өлчөмдө болушу. Каржы талаптардын өлчөмү үй-бүлөнүн өлчөмүнө карата аныкталат.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны Минималдуу сумма Канаданын акча бирдиги Минималдуу сумма АКШнын акча бирдиги
1 12 300 9 248
2 15 312 11 512
3 18 825 14 154
4 22 856 17 184
5 25 923 19 490
6 29 236 21 981
7 32 550 24 473
Ар бир кошумча үй-бүлө мүчөсү 3 314 2 391

Иммигрант статусун алуу үчүн арыз берүүгө коюлган негизги талаптартар

Жаш курак 22ден 45 жашка чейин болушу кажет;

-Жогорку же орто билими бар экендиги жөнүндө тастыктоочу документи;

-Жумушка орношуну каалаган адамдын  бери дегенде 6 жылдык иш тажрыйбасы;

-Англис жана француз тилдерин билүүсү керек.

Ага кошумча  ден соолугу чың экенин тастыктаган маалымат керектелет.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *