Канайымдар кандай кесиптин ээлери?

Мезгил

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мехрибан Алиева

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин жубайы Мехрибан Алиева коомдук жана мамлекеттик ишмер. Эки жогорку билими бар. Ал 2005-жылдан бери Азербайжан парламентинде депутат болуп эмгектенген. Андан соң биринчи вице-премьер министри болуп дайындалган.

 

Мирзиёевдин жубай Зироатхон Хошимованын кесиби инженер-экономист

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхон Хошимова сулуулугу, өзүн алып жүрүүсү, кийингени менен өзгөчөлөнөт. Зироатхон Хошимова Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында төрөлүп өскөн. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Кесиби боюнча инженер-экономист. Бирок учурда кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси. Өзбекстандын биринчи канайымы эки кыз, бир уулду жарыкка алып келген.

Галина Лукашенко тарых факультетин аяктаган

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенконун жубайы Галина Лукашенко 64 жашта. Ал Могилевский педагогикалык институтунун тарых факультетин аяктаган. 1998-жылдан бери Могилевский облустук аткаруу комитетинде эмгектенип, санаториялык дарыланууну уюштуруу иштери менен алектенет.

Айыл жана мал чарбачылыгы боюнча ишкер Айгул Токоева

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында 1968-жылы туулуп, өскөн. Ал учурда үй кожойкеси мындан сырткары айыл жана мал чарбачылыгы боюнча чакан ишкерлиги бар экени айтылат. Кыргызстандын биринчи канайымы бир кыз, бир уулдун энеси.

Нунэ Саркисян классикалык музыка кечелерин жана көргөзмөлөрдү уюштуруу менен алектенет

Армениянын президенти Армен Саркисяндын жубайы Нунэ Саркисян Ереван мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ал искусство таануучусу, жазуучу жана балдар үчун орус, армян жана англис тилдеринде 20дан ашык китеп жазган. Ошондой эле Армениянын канайымынын жомоктору чыгыш армян жана батыш армян тилдеринде басылып чыккан. Мындан сырткары ал классикалык музыка кечелерин жана көргөзмөлөрдү уюштуруу менен алектенет. Нунэ айым менен жолдошунун эки уулу бар.

Ачыкка чыкпаган Надежда Токаева

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин жубайы Токаева Надежда Давыдовна жөнүндө маалыматтар ачыкка чыкпай келет. Ошондой эле балдары боюнча да маалыматтар айтылбайт, болгону Тимур Токаев деген уулу бар экени белгилүү.

Көпчүлүктүн көзүнө түшүүнү каалабаган канайым Азизмо Асадуллаева

Таджикстандын президенти Эмомали Рахмондун жубайы Азизмо Асадуллаева үй кожойкеси. Көпчүлүктүн көзүнө түшүүнү каалабаган канайым, динди бекем карманып коомчулукка көп чыкпайт. Бул жубайлардын эки уул, жети кызы тогуз баласы бар.

 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *