Канат Исаев: Печать эмнени чечет!

 
Мезгил
Канат Исаев маалымат жыйын берди. Жаман эмес жакшы берди. Болушунча актанды. Анан ким күнөөлүү болуп чыкты?-деген суроо кызыктырып жатса, Исаев «аппакай» болуп, биз Канат Хасанов экөөбүз «күнөөлүү» болуп чыктык.Бирок, мунун баары тамаша. Мени кызыктырган, мен кечээтен бери жообун таппай жаткан эки гана суроом бар болчу. Биринчиси, Сиз Казакстандын “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясына» мүчө болуп кол коюп жатканда уставды окуп чыктыӊыз беле?

Эгер окуп чыксаӊыз ал жерде баардык маселелер казакстандын мыйзамы менен чечилет деп бадырайып жазылып турат. Сиз Эл аралык «Көк Бөрү» федерациясынын президенти болуп туруп эмне үчүн кыргыз элинин кызыкчылыгын коргогон жоксуз?-деген суроомо Канат Исаев, «Канаданын компаниясы Кыргызстанда катталса, анда Кыргызстандын мыйзамы менен иштейт деп жазабыз.

Анын башкы штаб квратирасы Астанада жайгашса анда казакстандын мыйзамы менен» деп жазабыз деп жооп берди. Эми менде бир суроо, Канат Исаев айткандай анда эмне үчүн Кумтөр компаниясы Кыргызстандын эмес, Канаданын мыйзамы менен жооп берет? Эмне үчүн Кытайдан алынган насылардын баары Бээжиндин мыйзамы менен чечилет? Эмне үчүн Кыргызстанга келип иштеген кытайдын бир компаниясы Бишкек ТЭЦин оӊдосо дагы кытайдын мыйзамы менен иштейм деп догурунат?

Анткени баардык жерде эл аралык келишим деген бар! Эмне Исаев ушунун баарын билбейби? Билет билгенде да жакшы билет! Канат мырза айтып жаткандай канадалыктар Кыргызстанга келип ишкана ачса да Канаданын мыйзамы менен иштейт, анткени алардын Исаев экөөбүзгө окшоп «көӊүлдөрү бош» эмес. Анткени алар өз өлкөлөрүнүн МЕКЕНЧИЛДЕРИ! Экинчиден Канат Исаев көк бөрү менен көк пардын эмне айырмасы бар?

Экөө бир эле оюн деп жооп берди. Ооба, казак-кыргыз бир тууган бирок ар бир элдин улуттук баалулуктары бар. Дүйнө көк пар дегенде Казакстанды, көк бөрү дегенде Кыргызстанды түшүнөт. Көк пар менен көк бөрү эки элдин улуттук кызыкчылыгын коргойт! Бул маселе Канат Исаев экөөбүздүн кадыр-баркыбыздан жогору турат. Биз дүйнөгө көк бөрү оюнубузду тааныта алабызбы? Же казак элинин көк пар улуттук оюнун Исаев баш болуп колдоого алабызбы?

Маселе мына ушул жерде. Эӊ негизги Эл аралык «Көк Бөрү» федерациясы Канат Исаев Казакстандын “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясына» кол койгондон кийин биздин кыргыз бечаралар печать жоголгондугун айтып кайрадан көчүрмөсүн жасаган?

Эмне үчүн анда казак туугандар кыргыздардын бетине мына ушул Канат Исаев кол койгон документи кармап Өзбекстанда өткөн эл аралык көк бөрү федерациясынын конгрессинде документтин көчүрмөсү менен видео тасма алып келишип кыргыздарга «үстөмдүк» кылгысы келген? Анан калса Канат Исаев мага печать эмнени чечет деп догурунганга жетишти. Печать көп нерсени чечкен үчүн Канат мырза бүгүн Жогорку Кеӊештин депутаты болуп отурганын унутуп калган окшойт.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *