Канат Исаевдин “Кыргызстаны” бийликтин “этегине” башын катты

   Мезгил

Канат Исаев «Кыргызстан» саясий партиясынын 6-курултайында (22-сентябрда) мамлекетибиздин стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн бийликтин бардык бутактары президентти колдошу керек экенин билдирди. Ошондой эле «Алмазбек Атамбаев Жээнбековду президент кылдым деген. Факты менен сүйлөйүн – Атамбаевдин бийлиги учурунда 2015-жылы КСДП партиясы 435 миң добуш алган. Ал эми 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков 920 миң добуш алды. Анан кантип Атамбаевдин айтканы менен макул болобуз?», – дейт ал. 

Мунусу менен “Кыргызстан” саясий партиясы съезд өткөргөн соң биротоло бийликке баш коюп, президентти эки колу менен колдоп, керек болсо төрт буттап болсо да чуркап кызмат кылууга даяр экендигин туюнтту. Мурда партиянын спонсору Шаки менен Канат келише албай жатыптыр деген интриган сөздөр айтылган. Жыйындан улам булар бир пикирге келишип, ымала тапбышкан окшойт деген пикир жаралды.

Канткен менен алдыда шайлоо келе жатат. Башка партиялар сыяктуу эле булардын да ешелондон калып калбас үчүн алдын ала даярдык көрө башташы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми президентке ыктаганы бул партиянын бизнесмен лидерлеринин “арты” таза эмес экендигинен да кабар берет. Анткени коррупция менен күрөш күчүндө.

Ошентип шайлоонун шайтан оюндары башталардан алдың “Кыргызстан” саясий партиясы бийликке көзү түз партия экендигин алгачкылардан болуп билдирип чыкты. Бирок келерки жылдагы парламенттен орун ала алышабы, бийликтин чачпагын көтөрө турган партияга айланабы, ал жөнүндө айтуу али эрте. Канткен менен булардын президентти ачык колдоп чыкканы Кыргызстаныбыздын саясий стабилдүүлүгүнө, ынтымагына азганакай үлүш кошулганы десек болот.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *