Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды

Мезгил

Бүгүн Бишкек шаардык сотунун чечиминин негизинде Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды.

Канат Исаев 2017-жылдын октябрь айынын бери УКМКнын тергөө абагында болчу.  Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иш боюнча коррупция айыбы коюлган.

Буга чейин эл өкүлүнүн жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирген. Эске салсак, Бишкек шаардык соту Исаевге карата “Коррупция” беренеси боюнча райондук сот 10 жылга кескен ишти “мөөнөтү өттү” деген жүйө менен токтоткон эле. Ал эми “Бийликти басып алуу” беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *