Канаты кайрылган кыраандар: Мекендин мекенчил уулу – Бекмамат Осмонов

Мезгил

Аты-жөнү: Осмонов Бекмамат

Туулган жылы:  1946-жылы 14-май

Туулган жери:    Кыргызстан

Облусу: Жалал-Абад

Туулган айылы: Акман

Улуту:  Кыргыз

Уруусу:    Кыпчак

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү

Билген тилдери: Кыргыз, орус

Үй-бүлөсү: Сажида Осмонова (аялы), 6 баласы бар – 4 кыз, 2 уул

ОРТО БИЛИМИ:  

-Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы мектеп интернатты 1963-жылы аяктаган.

ЖОГОРКУ БИЛИМИ:

– 1963-жылы Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине кирген жана аны 1968-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

АСКЕРДИК КЫЗМАТЫ:

-1968-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1981 — 1984-жылдары

Иштеген жери: Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Катта-Талдык” асыл тукум кой заводу

Кызматы: зоотехник-селекционер

1969 — 1971-жылдары

Иштеген жери: “Катта-Талдык” совхозу

Кызматы: башкы зоотехник

1971 — 1972-жылдары

Иштеген жери: Араван районунун айыл чарба башкармасы

Кызматы: башкы зоотехник

1972 — 1978-жылдары

Иштеген жери: Алай районунун “Чоң-Алай” совхозу

Кызматы: директор

САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

1978 -жыл

Иштеген жери: Алай райондук аткаруу комитети

Кызматы: Төрага

1978 -жыл

Иштеген жери: Алай райондук аткаруу комитети

Кызматы: Төрага

1985 -жыл

Иштеген жери: Партиянын Ош облустук комитети

Кызматы: Айыл чарба бөлүмүнүн башчы

1988 — 1990-жылдары

Иштеген жери: Партиянын Токтогул райондук комитети

Кызматы: 1-катчы

1990-жыл

Иштеген жери: Жалал-Абад облустук кеңеши

Кызматы: Төрага

1991 — 1992-жылдары

Иштеген жери: Жалал-Абад облусу

Кызматы: Губернатор

1994-жыл

Иштеген жери: Ош облустук мамлекеттик администрациясы

Кызматы: Башчынын биринчи орун басары

1995-жыл

Иштеген жери: Ош облустук кеңеши

Кызматы: Төрага

1996-жыл

Иштеген жери: Токой агенттигинин Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча башкармалыгы

Кызматы: Директор

Легендарлуу парламенттин депутаты

Бекмамат Осмонов облустук Кеңешке 7 жолу депутат болуп шайланган. 1989-1995-жылдары чакырылган, эл оозунда “легендарлуу” деген ат менен калган Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

СЫЙЛЫКТАРЫ:

-Кыргыз элине сиңирген эмгеги үчүн 1984-жылы “Ардак белгиси” ордени, медалдар менен сыйланган.

-1996-жылы “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылган.

Мен бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кеттим

1991-жылы Жалал-Абад облусунун биринчи губернатору болуп шайланган. Дал ушул кызмат ордунда иштеп турганда карапайым калк арасындагы кадыры күн санап өсүп, бирок ошол кездеги бийликке жага бербей, ага каршы ар кандай каралоолор уюштурулган. Жалал-Абад облусуна кайра-кайра текшерүүлөр барып, Осмоновдун бир кемчилигин таба албай коюшкан.

1992-жылы октябрда ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийлиги Бекмамат Осмоновду кызматтан алуу үчүн Бишкектен атайын даярдыктагы күч түзүмдөрү да тартылып, Жалал-Абадда чоң жыйын болот. Карапайым эл Бекмамат Осмоновду колдоп, кызматтан алууга каршы турат.

Бирок кызматтан дагы эл тагдырын бийик койгон Осмонов: “мени кайсы кызматка которобуз десеңер даярмын. Бул кызматка менден татыктуу адам болсо өткөрүп берейин”-деп бийликтин кысымы менен отставкага кеткен. Маектеринин биринде Осмонов: «Мен бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кеттим» дегени бар.

Сулуу аялдарды көрсөм анын сулуулугуна ыр багыштагым келет

Бекмамат Осмонов сыртынан караганда сүрдүү көрүнүп көлөмдүү болгону менен ички дүйнөсү ажайып кооз болгон дешет аны тааныган замандаштары. Адабиятты, маданиятты, искусствону, спортту абдан жакшы түшүнгөн, ой-чабыты кенен киши болгон дешет. Буга гезиттердин бирине берген маеги да далил боло алат:

-Сизди айрыкча адабиятка жакындыгы көбүрөөк дейт. Бул туурабы?

 – Ал сөздүн төгүнү жок. Чындыгында мен адабиятка көп кызыгам. Адабият эле десем өтө тарыраак болуп калар, тарых, музыка мени көбүрөөк арбап кетет. Облустун маданиятын көтөрүү менин негизги милдетим деп эсептейм. Токтогулдун 120 жылдык мааракесинде мага архитектор болууга да туура келди.

– Айтмакчы, Курманжан Датканын 180 жылдыгында сиздин сөзүңүзгө жазылган ырды угуп калдык…

– Ырас… Мен кээде ыр да жаза коем. Албетте, ал өзүм үчүн… Курманжан датка тууралуу ыр жаздым эле, ага белгилүү эстрада чебери Шамшыбек Өтөбаев музыка жазды. Сиз ошону уксаңыз керек.

– Ырды кайсы убакта жазасыз?..

– Ал сезимге байланыштуу го. Илхам келгенде ыр жазып калам. Айрыкча кооз жаратылышты көргөндө сөзсүз ыр жазгым келет. Чындыгын айтсам, жашырганда эмне? Сулуу аялдарды көрсөм анын сулуулугуна ыр багыштагым келет.

Менин атам, менин энем, менин эгем, менин Кыргызстаным!

Менин уулум, менин кызым,  менин жүзүм, менин Кыргызстаным!

Менин тилим, менин демим, менин дилим, менин Кыргызстаным!

Менин жерим, менин үйүм, менин элим, менин Кыргызстаным!

Кылымдардан кыргыздарга күбөлүп,

Кылымдардан кыргыздарга түбөлүк.

Менин туум, менин уулум менин Кыргызстаным.

Менен көңүлүм, менин акылым сен үчүн менин Кыргызстаным!

Дайым элим менен бирге!

Бекмамат Осмоновду бакырып ыйлаткан кайрык  

Өмүрүнүн акыркы сааттарында Кыргыз эл артисти Керим Тураповду телерадиодон көрүп, экөө чогуу түштөнүп, “мен эки сааттан кийин Ошко учам. Убактың болсо кел” деп аэропортко чакырат. Ал жерден “Туулган жерди сагынуу” деген ырын ырдатып, буркурап ыйлаптыр. Бул тууралуу Керим Турапов: “Аэропорттун депутаттар отурчу VIP залына стол жасатып сүйлөшүп отурдук. Ырдап беришимди өтүндү, кыйыктансам болчудай эмес.

«Бул жерден ырдаганым ыңгайсыз го, депутаттар отурган жерде отурсак» деп кыйылсам, «ырдай бер, депутаттар бүгүн бар, эртең кетишет, сен элдин адамысың» деди. Үнүмдү жай чыгарып, акыры-ын ырдадым. Экинчи куплетин бүтө жаздап калганда бышактаган үн чыккандай болгон. Көрсө Бекмамат Осмонович буулугуп ыйлап аткан экен. Ырдын аягына чыгып-чыгалекте “у-аа” деп жарылып кетти. Чоочуп кеттим. Тык токтодум.

Жеңебиз «жаш баланын көзүнчө ыйлаганың уят эмеспи, эмне болду сага?» деп калды. Ал “сен түшүнбөйсүң, бул менин өмүр баяным. Бул ыр мага жазылган, басып өткөн жолум, бул – менин ырым”, — деди. Көрсө анын атасы да жылкычы болуптур. “Үйүр-үйүр жылкы айдаган, атам конгон журтту сагынам” же “Жылаңайлак чырпык ат минип, жылгалардан тунук суу кечип” деген саптар ушундай дал келиптир да.

— Карачы, балтырымды тилип караган деп атат, буттарыма тикенек кирип, менин балтырымды да момундайынан караган тилип кетчү. Атамдын жылкы айдап, апамдын сары май сүйкөп берген ысык нанын айтып атат” деп ичиндеги бугун бир төгүп алды”,- деп эскерет. Ал окуядан 2 күн өткөндөн кийин Москвага операция жасатканы барып, ал жактан жансыз денеси келди.

Бекмамат Осмонов тууралуу кызыктуу фактылар

– Бекмамат Осмоновдун демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы уюштурулган

– Курманжан датканын 180 жылдыгында даткага арналган ырына обон чыгарылган

-Рыспай Абдыкадыровду үй-бүлөсү менен Чоң-Алайга үйүнө конокко чакырып, үйүндө жашатып, бригадаларга жөнөтүп бир айга жакын ырдатып, угуучулардын тизмесин түздүрүп, бухгалтерия аркылуу ар биринен маянасынан үч сомдон жыйнап берген.

– Анын жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн.

– Осмонов малчыларды кыдырып барганда унаасынын артына дайыма суу өтүк салып жүрчү дешет. Сарайларга чыланы кечип кирип кетип, жандап баргандар айласы жок туфлилери менен артынан ээрчишчү дейт.

-Ян Фишерди «Ян Ефимович, сиз канча жылдан бери Кыргызстанда жашайсыз, эмнеге кыргыз тилин үйрөнбөйсүз? Болбосо котормочу ала жүрүңүз», — деп уяткарган экен.

– Жалал-Абад шаарындагы №5 орто мектебине Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылган.

Күтүүсүз ажал

Бекмамат Осмонов жүрөк оорусуна байланыштуу Москва шаарында операция жасалып, 1997-жылы 28-октябрь күнү 52 жашында күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайткан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *