Канкор Атамбаевдин айынан зыян тарткан Бишкек

  Мезгил

Кечөөкү баш аламандыктын келтирилген зыяндарын Бишкек мэриясы эсептеп чыкты. Алар:

1) 84 метр металл тосмосу зыянга учураган;

2) Абдырахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Коопсуз шаар» долбоорунун 3 видео камерасы талкаланган;

3) Токтогул көчөсүндө 3 таштанды контейнерге от коюлган;

4) 29 муниципиалдык автобустун айнектери талкаланган;

5) Ала-Тоо аянтында туя олтургузулган жыгач челектер талкаланып, гүлдөр тебеленип, 6 фото тактайдын айнектери талкаланган, тротуардагы брусчаткалар бузулган;

6) Көк-жар кичи районундагы Шабдан-Баатыр көчөсүндөгү металл тосмолорунун 25 метри бузулган;

7) «Тазалык» кызматы 4 кубометрге жакын таштанды чыгарып, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Баш аламандыктын айынан келтирилген чыгымдардын суммасы мэрия тарабынан эсептелинип жатат. Ал эми Кой-Таштын тегерегинде болгон окуяларда канча зыян келтирилгендиги тууралуу азырынча маалымат жок.

Мэрия Атамбаевдин тарапташтары тарабынан шаардын казынасына келтирилген чыгымдарды так эсептеп чыгып, аны төлөө жагы баш аламандыкты уюштургандарга жүктөлсө, алардын чөнтөгүнөн өндүрүлсө жарандарыбызга чоң сабак болмок. Анткени митинг, баш аламандыктардын зыянын Бишкеке шаары дайыма эле тартып келет. Буга чейин чыгымдарды калыбына келтирүү жагы мэриянын бюджетинен, б.а. салык төлөгөн элдин эсебинен жүргүзүлүп келген. Эми келтирилген зыянды Атамбаевдин тарапташтарынан өндүрүү жолу ишке ашырылса, мыйзамдуу, адилет иш жасалган болор эле. Элдин эсебинен кашыктап чогултулган бюджеттик каражат шаарды өнүктүрүүгө жумшалып, зыянкечтер келтирилген зыянды төлөшү керек.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *