Канкор президент камалды, эми эмне болот?

Мезгил

1) КСДП ээсиз калат, лидерлик орун талашка түшөт, ыркырашып олтуруп бийликтин партиясы деген аттан кол жууйт. 2020-жылдагы шайлоодо ийгиликке жете албайт. Бир аз ызылдактар оппозициябыз деп ызылдай бергенди адатка айлантып алышат.

2) «Апрель» телеканалы каржылоо жагынан аксап, жабылуу коркунучуна дуушар болот. Банкрот болуп, карызы 1 миллион доллардан ашат. Анткени бул каналда иштеген чыгармачыл топ мурда иштеген «5-каналды» да сызга олтургузуп, карызга батырып келишкен. Тарых кайталанат.

3) «Апрель шейиттери», «Ай-Көл – Ала-Тоо» сыяктуу упчу эмген уюмдарга кыйын эле болот. Ишмердигин токтотот. Анткени шеф түрмөдө! Финансирование жок.

4) Карамушкина, Кодуранова, Жолдубаева, Орозова деген КСДПчылар партиядан бөлүнүп чыгып, «Аялдар» партиясын түптөшөт. Аларга Отунбаева, Алтыбаева, Касымалиева, Карасартова дегендер кийин кошулат. Булардын башкы максаты гендердик маселени көтөрүп чыккан, моножыныстык, дүйнөнүн башка бурчунда жок, аялдар парламентин түзүү болуп саналат. «Аялдар» партиясынын ити чөп жей баштаганда Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Мээрбек Мискенбаев дегендер паспортторун алмаштырышып булардын катарына кошулушат. Жаңы паспортто улуту, жынысы деген жерлер жазылган эмес го. Булар Атамбаев калтырып кеткен ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланышат.

5) КСДПдан чыккан «катындар» партиясын феминисттер, эркектаналар, кызтекелер колдой башташат. АКШ тараптан да гранттар берилип турат.

6) Фарид Ниязовго оор стаьялар боюнча кылымш иши козголгондо Атамбаевге каршы көргөзмө берип, тергөө менен кызматташууга барат. АШАнын кашасын ачып бери, эркиндикке чыгат.

7) Атамабаев УКМКнын абагына барса «шофёру» Икрамжан ал жерде көптөн бери тергөөгө чакырылбай олтура берип, олтурган жеринде жумуртка басып, анысы балапан болуп чоңоюп калыптыр. Икрамжан УКМК абагынын «мыйзамдагы уурусуна» айланып, авторитет болгон болот. Жаңы келген Атамбаевди ворлорчосунан кабыл алып, «пропискага» олтургузат. Акысына Атамбаевдин сырттагы завод-фабрикаларын өзүнүн атына каттатып алат. «Мени түрмөгө жапканда унчукпадың эле» деп Атамбаевге пол жуудуруп, сазайынын берет.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *