Канкордун хан сарайы, байлыгы мамлекетке өткөрүлсүн!

Мезгил

Атамбаев кармалды. Бирок аны менен маселе чечилип калды дегендик туура эмес. Элдин канын төгүү менен бийликке келген киши, түрмөгө кан төгүү менен кирип кетти. Ал президент болуп элди бийлеп турган мезгилде, ага чейин да арам жолдор менен байлык топтоп келген. Андыктан анын байлыгы элге, эл ээси болгон мамлекетке кайтарылышы керек. Атамбаевдин:

1) Мыйзамсыз ээлеп алган жерлери мамлекетке өткөрүлүшү керек.

2) Кой-Таштагы хан сарай бузулуп, жерлери тиешелүү чарбаларга берилиши керек. Анткени ал үй канга боёлуп, кандуу болуп калды.

3) Буга чейин элдин эсебинен топтогон байлыгы толугу менен мамлекетке кайтарылышы зарыл.

4) Жасаган кылмыштары, коррупция, адам өлтүрүү, адам өлтүргүүгө буюртма берүү, бийлик кызматындагы адамдарга көрсөткөн зомбулуктары ж.б. үчүн мыйзам чегинде жогорку жазасын алышы керек.

Редакция менен байланышкан жарандардын тобу ушундай пикирлерин айтышты.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *