Кант диабети менен кантип күрөшүүгө болот?

Мезгил

Кант диабети организмде инсулиндин абсолюттук же болбосо салыштырмалуу жетишпестигинен пайда болуп кычкылтек, белок май алмашууларынын өзгөрүшү менен пайда болгон оору. Тактап айтканда канда канттын өлчөмү (глюкозанын) жогорулап кетүүсүнөн жаралат.

Бул оорунун эки түрү болот. Биринчи жана экинчи типтеги кант диабети. 1-типтеги кант диабети жаш же бала куракта башталат жана өтө оор өтөт. Мунун негизги себеби уйку бездин инсулинди дээрлик иштеп чыгарбай калганында. Экинчи типтеги кант диабети 40 жаштан өткөндө башталат. Адатта бул оору менен ашыкча салмактан жана семирүүдөн улам пайда болот. Ал эми кош бойлуу кезде гестациялык кант диабети пайда болуусу ыктымал.

Кант диабетинин алгачкы  белгилери кандай болот?

Алгачкы белгилеринде адам көп суусап оозу кургап, заарасы көбөйүп, суюктукту көп ичүүнү каалап, алы кетип шалдырап иш жөндөмдүүлүгү төмөндөп табити жогору болсо да арыктап баштайт. Бирок дайым эле мындай классикалык симптоматика боло бербейт: болжол менен диабет оорусу алгачкы жолу табылган 45 жаштан өткөн пациенттердин жарымында эч кандай симптомдору болбойт.  

Ал эми, 2-типтеги кант диабети диабет оору тобокелдиги бар адамдарда өнүгүүсү мүмкүн. Бул ашыкча салмак же семирүү, туура эмес тамактануудан (тамакты ашыкча жегендик, тамеки тартуу, физикалык жактан пассивдүү кыймыл), канда холестериндин жана майлардын жогоркулап кетет. Бул типтеги кант диабети туукум кууйт.

Кант диабети эмнеси менен коркунучтуу?

Диабет өтүшүп кетүүсү менен коркунучтуу. Бул ооруну өз убагында дарылабаса, өтүшүп кетүүсү инфаркт, инсульт, сокурдук, бөйрөк кемтиги, язва сыяктуу ооруларына алып келиши жана тамандын ганренасы пайда болуп, бутту ампутациялоого чейин алып барышы мүмкүн, ошондой эле диабетикалык комаларга түшүп калуу тобокелдиктери бар.

Мындай өтүшүп кетүүлөргө глюкоза деңгээлинин жогору болушу гана эмес, артериалдык кан басымынын жана кандагы холестериндин жогору болушу да өбөлгө түзөт. Өнөкөт өтүшүп кетүүлөр мезгилинен эрте майыптуулукка жана өлүмгө алып келет.

Азырынча кант диабетин толугу менен дарылап жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок учурда диабетти контролдоонун жана дарылоонун эффективдүү ыкмалары иштелип чыккан, булар жашоо сапатын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Оору симптомдору чыкканда же тобокелдик факторлору болсо, ҮМБ/ФАПтарга кайрылып, кандагы канттын деңгээлин текшерүү зарыл.

Ден соолугу чың адамдан эртең менен, ачкарын алынган кандагы канттын ченеми (манжадан алынган) 5,5 ммоль/л, венадан алынган кандын плазмасында 6,1ммоль/л ашыкча болбойт.  Тамактангандан кийин эки саат өткөндө бул көрсөткүч 7,8ммоль/лтегерегинде болот. 

Экинчи типтеги кант диабетин кантип алдын алса болот?

Майлуу тамактарды, кантты жана таттууларды азыраак жеп, көбүрөөк жөө басып күнүнө жарым сааттай физикалык көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Ошондой эле, тамеки жана спирт ичимдиктеринен алыс болуу керек.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *