Каныбек Иманалиев: Эӊ кирешелүү болуп эсептелген пайдалуу кен тармагы эӊ чыгашалуу тармакка айланды

Мезгил

Жогорку Кеӊеште бир катар улуттук мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “Жер казынасы жөнүндө КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев,  

«Өкмөт менен депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорунун варианттары негизинен окшош, ошондон улам алар бир долбоорго бириктирилди. Мисалы, банкта кен иштетилген жерди рекультивациялоо фонду үчүн ачылган эсептеги каражатты ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен гана алууга болот. Мындай жобо мыйзамдарда камтылууда. Буга Өкмөт дагы, демилгечи депутаттар тобу да макул», – дейт депутат.

  Ал эми депутат Каныбек Иманалиев эӊ кирешелүү болуп эсептелген пайдалуу кен тармагы эӊ чыгашалуу тармакка айланып баратканын эсе салып, өлкөнүн жер казынасына толугу менен инвентаризация жүргүзүүкеректигин айтты.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *