Каныбек Иманалиев: Текебаевдин иши көлөмдүү судьяларга убакыт керек

Мезгил

16-июль күнү Жогорку сотто каралмакчы болгон “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин иши 21-августка жылдырылган. Соттук коллегия буга себеп катары иштин көлөмү чоң болгондуктан иш менен толук таанышып чыгууга үлгүрбөгөндүктөрүн билдиришкен

Айрым атамекенчилер, сот ишинин бир жаңсыл болбой жатышын бийликтен көрүшсө, айрымдары “Текебаев абактан чыкпаса оппозицияга өтөбүз” деп кыйкырып чыгышкан.

Ал эми коомчулукта «Ата Мекен» саясий партиясы буга чейин оппозицияда болбой жүрдү беле? Жер каймактагандан бери, тоюс түзүлгөндөн бери бир нече жолу болгон. Алардын бийликке позиция болгон учурларын эстеш деле кыйын. Бир сөз менен айтканда түрмөгө бир нече жолу түшкөн киши кылмыш жасап түрмөгө кайрадан кирип кетсе «А бул жашап жүрчү үйүнө кайра кетти» деп айтышат. «Ата Мекендин» жасай турганы да ушуга окшош, -деген пикирлер пайда болгон.

Ал эми “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев  иш көлөмдүү, жаңы фактылар, жаңы жагдайлар пайда болду, судьяларга убакыт керек деген пикирин билдирет.

– Менин пикиримде алардын келтирген жүйөлөрүндө негиз бар болуш керек. Анткени жаңы фактылар, жаңы жагдайлар пайда болду, иш көлөмдүү. Ошондуктан дагы убакыт керек. Андан тышкары жайында судьялардын көбү эмгек эргүүгө кетет –деди Каныбек Иманалиев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *