Каныбек Иманалиев: Жашоодо жакшы адамдар арбын, бирок Жан кейип кыйналганда энемди эстейм

Мезгил

Аял- эне, аял-жар, аял-дүйнөдө теңдешсиз асыл жан -деп бекер айтылбаса керек.

Апасыз аалам толо албайт,

Апасыз бала оңо албайт.

Ата-көз, бирок апаңдай,

Ал сага карек боло албайт” деп акын, журналист Шайлообек Дүйшеевдин ырында айтылгандай эле ааламдын көркүн чыгарып бул ааламды кармап турган аялзатка кандай сөз айтсак да жарашат. Назиктикти, аруулукту, сулуулукту даңазалаган жаз мезгилиндеги айымдардын Эл аралык майрамы да кирип келди. Бүгүн биз 8-мартка карата даярдалган  “Апакем жүрөгүмдө” деген рубиркабызда сиздер таанып билген атактуулар өзүлөрүнүн апалары туурасында айтып беришти. Урматтуу окурман анда кыргыздын камчысына сап мырзаларыбызды, биз сыймыктанган эже агаларыбызды кандай  эне  тарбиялады экен десеңиз,  анда бул суроого төмөндө жооп ала аласыз.  

  Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин депутаты: “Эне жалынычы”

Жалынып «жарыгым» деп эркелеткен,

Кагылып как жүрөгү леп-леп эткен,

Жашоодо жакшы адамдар арбын, бирок

Жан кейип кыйналганда энемди эстейм.

Айланып, чарп айланып, тегеренип,

Алдыңан «кулунум» деп эбеленип,

Жупжумшак алаканы кандай даары

Маңдайдан бир сыласа эне келип.

«Карааным», «каралдым» – деп, «чырагым» деп,

Кечкисин чырагы өчпөй убайым жеп,

Үшүсөң бооруна алып тез жылыткан

Табына жүрөгүнүн элеп-желеп.

Сагынса сабаланып «садагам» деп

Саамайын ак басканча сарсана жеп,

Мамагы зырп-зырп этет күтө берип

Тамагын сага деген миң белендеп.

Калкалап шамал жүрсө үшүдүң деп,

Аркалап кайда жүрсөң түйшүгүң жеп,

Өбөктөп орто жашап калсак деле

Бөбөктөй эркелетет «күчүгүм» деп.

«Балам» деп таңдан кечке шашылганың,

Жалбарып, тегеренип асыл жаның,

Биз үчүн нече ирээт уйку көрбөй

Кудайдан нени тилеп, жалынбадың.

Жыгылсаң жарыштарда мактап турар

Жеңилсең таймаштарда жактап турар,

Жашоодо жалгыз гана эне болот

Жамандык кылсаң дагы актап турар.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *