Каныбек Осмоналиев ЖКнин мурдагы депутаты: Чукул, ырайымсыз кадр саясаты киргизилбесе Кыргызстан эл аралык алакада биротоло жоголот!

  Мезгил

Учурда коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан  Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы  орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто жаңжал чыгарганы боюнча ар кандай кептер айтылууда. Чиновниктин бул кылыгы кыргыз мамлекетинин аброюна доо келтирбейби? Мына ушул туурасында  суроо салганыбызда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев буларды билдирди.

 “Кыргыз мамлекетинин аброю чет элде бир тыйынга деле турбай калган. Убагында бардыгын бийлик кадрлары талкалап салышкан.  Анктени, бизде кадр тандоо тууганчылдык түшүнүк менен байланышта. Көп  эле жолу  министрликтердин өкүлдөрүнүн эл аралык жыйындардагы ойду-тоону сүйлөп тантыраган сөздөрүнө күбө болгом. Аларга сын да айткам.  Анан Кыргызстанга келгенде өзүмдү жемелөөгө аракет кылышкан учурлар дагы болгон.  Зуура Каденованын мисалында бул көрүнүш коркунучтуу деңгээлге келгенин туйдум.  Менимче, артка кайткыс, жаман кеселге кептелдик.  Чукул, ырайымсыз кадр саясаты киргизилбесе Кыргызстан эл аралык алакада биротоло жоголот!

Белгилей кетсек, буга чейин Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова 22-сентябрда  Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Мындан улам учак эки саатка кармалып кеч учууга аргасыз болгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *