Каныбек Осмоналиев: Жогорку Кеңеш канчалык тез тарашса, элге ошончолук сооп кылышкан болоор эле!

Мезгил

Каныбек Осмоналиевич, Мамлекет кылыч менен багындырылат, бирок калем менен башкарылат. Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатына көӊүлүӊүз толобу?

-Билимдүү эл эч убакта өз жемин жедирбейт. Бул акыйкаттуу постулатка карт тарых өзү күбө болуп келет. Болгондо дагы өлкөнүн бир ууч эле “элита болумушу” эмес жалпы элдик сабаттуулукка умтулуубуз керек эле. Тилекке каршы, айрыкча, акыркы 10 жылда бийлик билим берүү ишин ач көздөрдөрдүн саясатына буруп берип, менчиктеп алышты. Жалпы билим берүү милдети ишке ашпай, мектеп баштаган бардык билим алуу ишканаларын жалаң гана акча жасоочу мекемеге айлантып жиберишти. Билим берүү Кыргызстанда сапатсыз товарга айланып кетти.

Формалдуулук күч алып, билим берүү системасынанан эч кандай кабары жок дилетанттар башкаруу функцияларын басып алышты. Мамлекеттик стандарттар чар жайыт болуп, анын аткарылышын эч ким көзөмөлдөбөй калды. Ал гана эмес Атамбаевдин бийлиги билим берүү жана илим саясатына өзүлөрүнө кызмат кылган гана чала сабат башчыларды дайындап туруп алды. Илимий-техникалык прогресстин локомотиви болгон физика-математика жана химия-биология предметтери максаттуу түрдө талкалана баштады. Бул биздин Кыргызстандын душмандары колдонгон диверсиянын “жемиши” болгондой эле сезилип жатат, мага!

Махабат Мавлянова: Кыргызстан сабатсыздардын өлкөсүнө айланып кетүү коркунучу турат

Кыргыздын уул-кыздары эмне үчүн инженердик, бийик технологиялык кесиптерден оолактап калышы керек? Азыркы өзүбүздө окулуп жаткан инженердик ж.б. өндүрүшкө керектүү адистиктер өтө эле сабатсыз абалда уюштурулуп жатканын бардыгыбыз эле көрүп билип турабыз. Бирок, ачык айтып маселе көтөргөндөн дагы айбыгып келебиз. Жаштарыбыздын көпчүлүгү формалдуу билим алууга кайыл болуп, көнүп алгандары мени абдан кыжаалат кылып жатат. Ушинтип эле кете берсек, бир муундун өмүрүндө эле биз – кыргыздар сабатсыз, караңгы, түркөй улутка айланабыз. Жакшы билитми бар 5-10% га жетпеген инсандарыбыздын колунан эмне келет? Алардын дагы эң алдыңкылары чет өлкөлөрдө жүрүшөт же кетүүнүн жолдорун издешүүдө!

Жакында эле Жогорку Кеңештин башчыларынын жазган каттарынын сабатсыздыгына күбө болдук, го! Күйөсүң! Башка сөз жок! Ошодуктан тез аранын ичинде эсибизге келип, билим берүүдөгү кейиштүү абалды түп тамырынан бери өзгөртүп оңдошүбуз керек. Билим алуу өлкөбүздүн эң башкы милдети экендигине көңүл буруубуз абзел.

Бүгүн мектеп курмабаган өлкө, эртеӊ түрмө курат дешет. Андай болсо биздин аткаминерлер көз жаздымда калтырып жаткан билим берүүдөгү көйгөйлөр кайсылар?

– Биринчи кезекте Президент өзү төрагалык кылган Коопсуздук Кеңеши атйын отурум уюштуруп, формалдуу эмес, так жана даана анализ берип, билим берүү көйгөйлөрүн талкуулап чыгып, иш чаралардын тизмегин бекитиши керек. Анткени, биздеги билим маселеси толук талкаланып бара жатат. Бул өлкөбүздүн коопсуздугуна шек келтирчү көйгөй маселеге айланып калды. Ошол талкууда эле бардык пробелемалар ачыкталат, эгер отурум жакшы даярдалса. Ал иш чарага меники сеники деп бөлүнбөй, бардык эксперттер катышуулары абзел.

Болбосо, дагы бир эле кезектеги көз боёмочулукка жол берилип калат. Каржы маселесине айрыкча көңүл буруу керек. Бюджет азыр билим берүү системасына иштебей эле турат. Бардыгы формалдуу, кагаз жүзүндө эле калып кетүүдө. Өкмөт билим берүүгө акча “беримиш” болуп жатат, билим берүүнүн башчылары “иштемиш” болуп эле жүрүшөт. Көз боёмой, жөнөкөй элди жоокалатып, алдамай!

 Мамлекетттик билим берүү системасы толугу менен талкаланды. Аны көзөмөл кылган эч ким жок! Сын айткандарды эле баса калып куугунтуктаганга өтүп алышты. Ата-эненин жоопкерчилиги такыр жоголду. Бул өтө коркунучтуу синдром! Ошондуктан мектептердеги зордукчулдук, мугалим менен окуучунун мамилелеринин бузулушу, формалдуу сабак өтүүлөр ж.б. терс көрүнүштөр кеңири кулач жайып кетти! Көп маселелерден жергиликтүү айыл өкмөттөрү оолактап качып жүрүшөт. Аларга мектептер шайлоодо гана керек!

Шайлоо демекчи агай, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Атамбаев тарабындагылары КСДП бийликке расмий оппозиция болорун жарыялады. Ошол эле учурда парламенттеги КСДП фракциясы бийликте отурат. Мыйзам, логика, демократиянын принциби боюнча социал-демократтардын Жогорку Кеңеште отурганы туурабы? Бул маселе кантип жөнгө салыныш керек?

– КСДП 10 жылга чукул Кыргызстандын бийлигин каалагандай калчап, менчиктеп келе жатат. ЖКнын коалициялык башчылыгы алардын колуна өткөнүнө мына 9 жыл болду! Эмне жарытаарлык же жаратмандык иш кылышты? Алардын “ишмердиктери” бүт талкаланып, бир нече лидерлери коррупцияга шектелишип түрмөлөрдө отурушат, го!

Эми бир бөлүгү бийликтен кур жалак калышып, оппозицияга өттүк дешсе, ЖКдагы фракция мүчөлөрү конформизмдин кучагынан чыга алышпай, акырга моюндарын тыгып алышты! Эл алар үчун бир тыйын болуп калды! Ошондуктан мен бул партиядан бир дагы жаратмандык кызматты көрбөй эле турам! Азыркы ЖК канчалык тез тарашса, элге ошончолук сооп кылышкан болоор эле!

Менин бул пикирим ошол эле КСДПнын прогрессивдүү көз караштагы депутаттарына арналат. Элдин чыдамына маашыркап же тоготпой койгондун өзү алар үчүн опурталдуу экенин унутуп калышпаса!

-Мурда «саясатчылар менен байланышкан соттук чечимдер бийлик башындагылардын кысымы, басымы менен жасап жатат» дешчү эле. Азыр деле ошондой сын-пикирлер айтылууда. Өзгөрүү болгон жокпу?

-Сот системасында азыр бир аз оң жакты көздөй жылышуулар байкалууда! Мен муну Президент Сооронбай Шариповичтин принципиалдуу позициясы менен байланыштырам. Бирок, соттордун биротоло “оңолуп кетүүлөрүнө” ой дагы канча бар экенидиги көрүнүп эле турат! Бул сот системасы өзү түп тамыры менен өзгөрүп жаңыланышы керек. Айрыкча, тергөө, прокуратура системасы. Ал жер дагы эле капкараңгы боюнча турат!

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *