Каптагаев: Суракка келбей, “келсеңер атышам, куралым бар” деп үрпөңдөөнүн аягы эмне менен бүтөөрүн көрдүк

 Мезгил

Бүгүн “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурум өтүп, ага камактагы экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты.  Бул боюнча коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев төмөндөгүдөй пикирин билдирди.  

Укук таануу, укуктук аң сезимди жана укуктук маданиятты калыптандыруу боюнча АЧЫК САБАК өтүп жаткандай коом үчүн… Коомдогу окуялар ушул өңүттө болуп жатат… Суракка келбей, укук коргоо органдарын тааныбай, келсеңер атышам, куралым бар деп үрпөңдөөнүн аягы эмне менен бүтөөрүн көрдүк… Жакшы иш болгон жок, бөөдө жерден киши өлдү, бир тобу оор жаракат алды, башаламандыктын кесепетинен далай кишинин тагдыры сынып азыр сот жообуна тартылуу астында турушат…

Эми камакта отурган киши сот отурумуна баруудан баш тартып жатат… Мени эле эмес бул кабарды уккан ар бир кишиде суроо туулат: Атамбаев сотко келбейм деп көөшөрүп жатып алса эмне болот? Бул кырдаалдын мыйзам көрсөткөн чечилиш жолу кандай? – деген.

Албетте азыр эми ал атыша албайт, камакта отурат, колунда курал жок, бирок сотко алып келем деген кызматтагы күзөтчүлөр менен тиштешип, чабышып, тебишип кетиши толук мүмкүн да … Андай болсо аягы кандай болот? Жоопкерчилиги кандай аныкталат? Же сотко алып келип катыштыруунун мыйзам аныктаган жолдору барбы? Менимче бул жерде Башкы прокуратура жана Сот тарабынан элге толук түшүндүрмө берилүүсү зарыл, окуя мындан ары кандай өңүттө жүрө турганы боюнча, коомчулуктун бүйүрүн кызытып жөнү жок талкуу, талаш-тартыш жаратпай…

Ошондой эле бүгүн дагы так маалымат беришсе туура болмок сот отуруму кандай тартипте өтөт, ал жакка кимдер киргизилет, кимдер киргизилбейт, кайсы мыйзамдын негизинде деген таризде… Көп суроолор, бир топ “кызыл кулактык” болбойт эле ошондо…-дейт Каптагаев. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *