Каптагаев Жээнбековду саткын дегендерге: Атамбаевдин “жиндичилигине” чыдап барыбызды дүңүнөн сатышы керек беле?

Мезгил

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев президент Сооронбай Жээнбеков  “досун сатты, саткын” деген кептер боюнча өз оюн билдирди.

 ­–Таң калам… “Соке досун сатты, достукка кыянаттык кылды…саткын…” – деп жазып да, айтып да жаткандар дилинде, ички ниетинде өздөрү саткын болуп, өздөрү элди, өлкөнү сатууну колдоп, ошондой саткындыкты башкалардан да талап кылып жатышканын түшүнүшпөйбү…

Ал көрпенделердин ою боюнча Президент Жээнбеков мамлекетти курмандыкка чалып, Атамбаевдин “жиндичилигине” чыдап, анын айдагында болуп, өлкөнү, аны менен кошо ар бирибиздин тагдырыбызды бир кишинин кызыкчылыгына байлап бериши керек экен… башкача айтканда “досунун” көңүлү үчүн барыбызды дүңүнөн сатышы керек экен…

Ушу кантип болсун….дени-карды соо киши айта турган сөзбү-дейт  Каптагаев.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *