Кара-Балта шаарында таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводун куруу пландалууда

Мезгил

Кара-Балта шаарында таштандыны кайра иштеп чыгаруучу завод курулат.

Маалыматка ылайык, Араб инвесторлор долбоорго 10 миллион доллар жумшоого даяр. Азыр Кара-Балта шаарындагы таштанды полигонунда жылына 50 миң тонна акыр-чикир топтолот.

Аны буу казандарда күйгүзүү менен 30 көп кабаттуу үйлөрдү жана бир катар социалдык мекемелерди жылуулук менен камсыздоого шарт түзүлөт. Таштандыны кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушуна 2 гектар жер аянты керек. Ал 3 айда контейнерлерден салынат. Белгилей кетсек, эгер долбоор ишке ашса, Кыргызстандагы алгачкысы болуп калат.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *