Кара-Сууда спортсмендер атышкан эмес, Төлөгөн Рахманберди уулу өзүн-өзү атып алган

   Мезгил

Спортсмендер бирин-бири атып алыптыр деген чуу жараткан маалыматка Төлөгөн Рахманберди уулу “Ош пирим” теле-каналына маек куруп берүү аркылуу чекит койду. Анын айтымында “Буга чейин социалдык тармактар аркылуу тарап кеткен “Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев менен спортсмен Төлөгөн Рахманберди уулу атышып кетип, акыркысы жамбашына ок жеген” деген маалымат чындыка дал келбейт. Бул иш өзүнчө резонас болуп кетти. Кылычбек Саркарбаев менен көптөн бери мамилем жакшы. 20-сентябрда түштөнүүгө чакырсам жолуга албай калдык. Кечинде жолугуп, машинеде сүйлөшүп олтурсак Бакыт инибиз тапанча таап алгандыгын айтты. Мен мурдагы милиция кызматкери эмесминби, текшерип көрөйүн дедим. Тапанча октолуп турган экен, мен кокусунан саныма өзүмдү-өзүм атып алдым. Анан мени ооруканага жеткиришти” – деди спортсмен Төлөгөн Рахменберди уулу.

Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда “Кара-Сууда эки спортсмен атышып кетип бири ок жеп травматологияда спортсмен балдардын кайтаруусунда жатыптыр”, “Врачтар маалымат бербей жатышат”, “Кылычбек Саркарбаев качып кетиптир”, “эки спортсмен кыз талашып атышып кетиптир” деген маалымат коомчулукту кара түтүндөй чулгап турган. Ал тургай “Раим-миллиондун балдары атышып кетиптир” деп айрымдар окуяга жарашыксыз боёкторду да шыбай коюшту. Чындыгында бул кокустукка Райымбек Матраимовдун тиешеси деле болгон эмес. Ошол эле кезде Кылычбек Саркарбаевди түрмөдөгү Досононов менен жолуккан деген тариздеги видео да тарап кетти. ЖАМК бул видео мурда тартылса керек, так маалымат бере албайбыз, ал кездеги түрмө башчылары алмашып кеткен деп бүшүркөп жооп берген болду. Иши кылса бул кокустук иштен бирөөлөр чымындан пил жасагысы келип, өз көмөчүнө күл тартып жаткандыгы ачык байкалып калды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *