Карамат Орозова: Акыйкатчыга талапкерлер төрт мырзаны жалгыз айым Рита Карасартованы Акыйкатчы кылып шайлоону суранды

Мезгил

Жогорку Кеӊеште КРнын Акыйкатчысын  шайлоо жөнүндө маселе каралууда.

Депутат Карамат Орозова Акыйкатчыга талапкер болуп жаткан төрт мырза талапкерлерге кайрылып  “Акыйкатчыга укугун коргогондор, акыйкат издегендер, ыйлап сыктагандар барат мындайга күйүмдүү боорукер мээримдүү акыйкат чечим кабыл алганга духу бар адамдар керек. Мындай сапат аял кишиде болот андыктан төрт мырзага кайрылып кетет элем кызын сыйлаганды кыдырым колдоптур дейт жалгыз айым Рита Карасартованы эле Акыйкатчы кылып коюууга кандай дейсиздер” деп кайрылды.

Бирок төрт мырза талапкерлер тең бул сунушка макыл болушкан жок.

Белгилей кетсек, бүгүн КР нын Акыйкатчысы шайланат. Ага КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган.

Ал эми «Бир Бол» фракциясынан көрсөтүлүп жаткан Маматурайим Момунов талапкерлигин алып салды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *