Мезгил.
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина депутаттарды Рита Карасартованын талапкерлигин колдоого чакырды.
“Рита Карасартова акыйкатчы болчо, бул институттун тарыхында биринчи жолу аял киши башкарат. Айымдар укук коргоо ишмердүүлүгүн жакшы алып кетишет, алар эркектердей болуп коррупцияга аралаша беришпейт”, – деди депутат.
Учурда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо аракетин көрүүдө. Талапкерлерге депутаттар жашыруун добуш беришет.
Булак: Мезгил Ньюс