Карамушкина эмне деп «чыйпылыктайт»?

Мезгил

Ирина Карамушкина адаттагыдай эле кайрадан үн катты. Анда бийликтин дарегине бир топ акаараттарды айтып, 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан атайын кызматтардын сабоосунан улам каза болгондугун териштирип жатабыз дейт. Ошондой эле канкор Атамбаевди сүттөн ак кылып, башаламандыкта сокку жегендерди кайрадан биригүүгө, биригип бийликтин үстүнөн арыз жазууга үндөп жатыптыр. Карамушкина:

«При вооруженном захвате мирных граждан в Кой-Таше все видели как летал над нами вертолет и дистанционно-пилотируемый летательный аппарат (дрон), у ГКНБ есть четкие и ясные факты, что не народ готовил беспорядки, а власть спровоцировала людей на защиту своего права иметь оппозиционную площадку к власти и защиту ни в чем не виновного, а гонимого за свои принципы А.Атамбаева!

Почему не покажете свои видеоматериалы? И цинично всем раненным и избитым сотрудниками спецназа простых граждан, самому Атамбаеву и его окружению «лепите» организацию беспорядков и сопротивление власти при задержании? Теперь так задерживают экс-президентов – как террористов и лидеров бандформирования?

Кстати, до нас дошли сведения, что умер от ран спецназа и избиений Курманбек уулу Миржан, 24 года. Сейчас ребята партийцы уточняют, и если это так, я прошу всех раненных и искалеченных 7-8 августа писать иски в суды, в международные организации по защите прав граждан! Не бойтесь! Ничего противозаконного мы не сделали, это власть устроила диктатуру! Власть должна ответить за противозаконные действия! Власть должна ответить, что лишила, арестовала офисы студии «Апрель» и СДПК, что арендовали в «Медиа Форуме». Вот где должен был оперативно собраться Жогорку Кенеш и защитить права своих избирателей. Но изначально предав, теперь только трусливо будут поджимать хвосты, теряя последний авторитет законодательного органа»- дейт.

Карамушкинанын логикасына таяна турган болсок баш аламандыкка бийлик күнөөлүү имиш. ЖК болсо «Форумдун» имаратына оперативдүү түрдө чогулуп, депутаттар шайлоочуларынын укугун ошол жерден коргошу керек экен. Башаламандыкты сен уюштурдуң деп бийлик Атамбаев жана анын тарапташтарына күнөөнү «чаптап» жатыптыр. Бул кыз боозуп алып энесин коркутат деген кыргыз макалын айласыз эске салат экен. Карамушкина деп койсо эле эл ишене бергидей мезгил эмес. Ага ишенсе 2 же 3 киши ишенет чыгар.

Бул арада УКМК Карамушкинан билдирүүсүн такталбаган маалыматты таратуу аркылуу коомчулуктун башын айлантуу катары баалап чыкты. Ошондой эле такталбаган маалыматты таратуу боюнча мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы тууралуу Ирина Карамушкинага эскертүү берди.

Саламаттык сактоо министрлигинен 7-8-августтагы окуяларда аларга Курманбек уулу Миржан деген жаран кайрылбагандыгын жана бул окуялардын натыйжасында бир гана жаран, «Альфанын» офицери Үсөн Ниязбеков гана каза болгондугу катталгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Ошентип Ирина Карамушкинанын адаттагы «өрдөгү» уча албай, ошол замат эле жерге кулап түштү.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *