Карганбек Самаков камактан чыкты

Мезгил

 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Карганбек Самаков жатак абагына которулду.

Анын жактоочусу массалык маалымат каражаттарына билдиргендей, 10 жылга кесилген мурдагы эл өкүлү эки амнистия жана тергөө маалындагы мөөнөттөрдү эске алганда жазасын мартта өтөп бүттү.

Ал түзөтүү колониясынан жатак абагына которулду.

Эгер ал жумушка орношсо, маал-маалы менен гана келип, белгиленип кете берет.

 Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган.  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Аны менен бирге күнөөлөнгөн экс-премьер-министр Игорь Чудинов жана мурдагы айыл чарба министри Искендер Айдаралиев 5 миллион сомдон айып төлөп, бошотулган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *