Мезгил
Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрүү түйүнү жыл бою иштөө режимине өтүшү мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү учурда Казакстандын тышкы иштер министрлиги караштырып жатат.
Маалымдалгандай, түйүн заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалып, чек арадан өткөрүүдө көзөмөл жана коопсуздукту камсыздоого даяр экени айтылат. Жайкы мезгилде “Каркыра” аркылуу 27 миң адам өттү.
Эске салсак, “Каркыра” өткөрүү түйүнү Кыргызстандын Ысык-Көл облусун жана Казакстандын Алмата облусун байланыштырат. Адатта ал кышкы мезгилге жабылчу.
Булак: Мезгил Ньюс