Карыянын арманы. Келиним көргөзгөн кордуктан улам ажалымды күтүп жашайм

   Мезгил

   Кыргызда эркек адамдын жесил калуусу оор тагдырлардын бири катары саналат. Айрыкча, карылыктын тамагын ичип, эчкиникиндей жашы калып, өсөөрү эмес, өтөрү жакындаган карыялар “кемпиримдин алдына кетсем экен” деп тилек кылгандарын кулагыбыз чалып калат. Дөөлөттүү карылык буюрбай, өмүрдүн күнүндө күнүмдүк нан табуунун айласын кылып, кайырчылыкка кабылган Абдыбек  аттуу карыяны адамдар каршы-терши агылган Чүй-Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер өткөөлдүн тепкичинен кезиктирдик. Жашы сексендерге таяп калган экен. Анын алда неден жалтаңдаган көздөрүндө күйүт менен муң, азап менен кайгы, арман менен жек көрүү турду. Абдыбек аксакалдын бул турмушка кандайча кептелип калгандыгы тууралуу суроо узатып, мындай жооп алдык.

Кемпиримден да, уулумдан да айрылып…

Баткендин Айдаркен шаарчасынанмын. Кемпирим  экөөбүз 45 жыл чогуу өмүр сүрдүк. Убагында оокаттуу жашадык, эч нерседен кем болгон жокпуз. Бул жашоодо эч өкүнбөйм деп ойлочумун. Бир балалуу болдум. Бирок, алты жыл мурун турмушум түп-тамырынан бурулуп, ушул каргашалуу кейипке түшүп олтурам. Кемпиримдин да, баламдын да көзү өтүп кетти.

Уулум Дайырбекти кичинесинен эрке өстүрдүк. Ошентсе да, мүнөзү токтоо, жоош эле. Он сегизге чыгаары менен армиянын катарына кызмат өтөөгө кетти. Кайтып келээри менен эле энеси экөөбүз кеңешип, үйлөнтүүнү ойлодук. Кемпиримдин жүрөгү ооруп калчу. Эмнегедир өлөрүн билгендей, баласына керез-мурасын айтып калчу. Кемпирим Жаркын   экөөбүз акылдашып, кошуна айылдан уулубузду үйлөнтүү  үчүн ылайыктуу кыз издештирдик. Бирок, биз куда күтүүнү каалаган үй-бүлөнү уулум жактырган жок. “Мейли, өзүң бил” деп унчукпадык.  Ошентип ары кетип, бери кетип, Айдаркенде эле жашаган Куттубек аттуу адамдын кызын алмай болуп, куда түшүп, кыргыздын салтын улап, сөйкө салып, келин алдык. Күндөн-күнгө келиндин кыял-жоругу чыгып, ата-баланын ортосуна сөз айтып, уруштура баштады. Биздин үй-бүлөнүн ыркы кетип, ынтымагыбыз бузулду. Жыл айланып, неберелүү болдук. Дайырбек жүк ташуучу машина айдап бир жумалап сыртта жүрүп иштечү. Үйгө бара-бара анда-санда гана келип калды. Кемпиримдин оорусу күчөдү. Ооруканага эки жарым жыл жатып дарыланганына карабай, аягында жүрөгү катуу кармап, көз жумду.

Ариети бүтө электе эле мага келинимдин сөзү тийди. Неберемди мага ыраа көрбөй, жаныма жакын жолотпой, алысыраак бага баштады. Кээде ичим туз куйгандай ачышып, күндө зар какшап ыйлап да алам. Уулум жумушка кеткенде үйдө тынчтык жок. Өзүнчө колуна тийген оокатты ыргытып, кыйкырып, жаңжал кылат. Тамак тургай, чай да ичпей, ачка калган күндөр да болду. Кийинки күндөрү эшикти сагаалап, эркектер көбөйө баштаганын байкадым. Эшиктин алдына келген кишиге мен чыгып, жооп берейин десем, “кирчи, сакалыңды сүйрөбөй” деп кыйкырып, менин оозумду басты. Мындан эки күн өтөндөн кийин уулум жумушунан чарчап келди. Келинимдин кылыгын айтайын деп ойлодум, бирок, кабагы бузулбасын деп оозум барбады. Балам келгенде мага мамилеси өзгөрүп, жакшы сүйлөп, жагалданып калат. Уулум кезектеги сапарга кеткенде кыялы кайрадан башталат.

Ушундай шордуу тагдыр маңдайыма жазылганбы, жок дегенде ташбоор ажал жалгызымды кучагына албай мени алса эмне. Жараткан жалгыз туягымды мага ыраа көргөн жокпу,  уулум  жумуш сапарында машина менен баратып, жол кырсыгына учурап, каза  тапканы жөнүндө суук кабар келди. Бир жылдын ичинде жалгыз  уулумдан да айрылып, кан жутуп калдым. Келинимдин колунан буга чейин жарытылуу тамак-аш ичпеген болсом, эми такыр эле тамдын түбүндө жатчу болдум. Келиним бышырган нанын дагы жүктүн арасына катып жейт. Үйгө эки күндүн биринде ар түрдүү коноктор келип, ызы-чуу болот. Алар үчүн көңүлдүү турмуш өтүп жатты. Өзүмдү жек көрүп, үйдөн чыгып кетким келди. Капаска түшкөн чымчыктай, тамдын түбүндө корголойм. Итке сөөк салгандай тамакты жөн бербестен, ыргытып берип, кайра мыйыгынан күлүп, өзүн-өзү кубаттап да калмай жайы бар.

Неберемди бир көрсөм арманым жок…

Келиним неберемди карабай, ар ким менен ойноп кете баштады. Ичим ачышып, баланы карап, телмирип көзүмдөн жашым агат. Айла жок, колумдан эч нерсе келбейт. Кеч курун болуп калган эле. Үйдүн алдына белгисиз машина токтоп, ичинен мас эки эркек, аны менен бирге келиним жулкунуп түшүп, эшикти катуу жаап, басып келип “куураган куу шумпай, эмне эшикте отурасың, жок дегенде эшиктин алдын тазаласаң болбойбу” деп жемелей кирди. “Же өлүк эмес, же тирик эмессиң” дегенде уккан кулагыма ишенбей дендароо болуп туруп калдым. Кулагыма кайра-кайра анын ушул сөзү жаңырып жатты. Көрсө, ошол күнү достору менен майрамдап, мас болуп келген экен. Төрт жаштагы неберем Бакытты да жайына койбой, сабап баштады. Ошентип, таң атканча уйку жок, ар нерсени ойлонуп чыктым. Ичимден каргап: “Мындан аркы жашооңдо жакшылык көрбөй кал, тарбия көргөн адам эмессиң!” деп жаттым. Менин көңүлүм ооруганы менен курсагымдын ачканы бир тең болду, үйгө үч-төрт күн тамак бербей камады. Неберем деле бирде муздак ичсе, бирде ысык ичип, кароосуз калды. Үйдөн чыгып кетейин деп, эмнегедир өмүр бою кемпирим менен уулум болуп чогуу жашаган үйдү кыялбай, өмүрдөн өтүп кеткен ал жакын адамдарымдын көз караштары мени ар убак карап тургандай, эч жакка жыла албадым. Анын үстүнө неберем Бакытты таштап кетип кала турган күнүмдү эстесем, жүрөгүм зар какшачу. Жарым жыл өтүп өтпөй бир күнү “Ай, ата биз башка жакка көчүп кетишибиз керек”- деди келиним. Чочуп, селт дей түштүм. Көрсө, ал баарын мурдатан ойлонуп, тамды сатууну көздөп калыптыр.

Кайда бармак элек, эч жакка барбайм деп көгөрдүм. Ал күнү араң таң атты. Күндүз үйдө эч ким жок, менден башка. Кеч күүгүмдө мас болуп келип, “чык үйдөн, үй сатылды, биз кеттик”-деп калды. “Кантип, кимге саттың?” дегенимде “алжыган чал, сен эмнени билмек элең, бул там Бакыттыкы” деп ататпай койду. Оюмда “мейличи эми, неберемден талашпайын” деп ойлодум. Ошентип күндөр өтө берди. Күнүгө бир кыялын көргөзөт, ага деле көнүп калгансыгам. Бир күнү “биз кеттик” деп оокаттарын көчүрүп, Бакытты жетелеп жолуна түштү. Мен айылдагы тааныштардын үйүндө жек көрүндү болуп, көпкө жүрө албадым. “Жашооңдо мага окшоп зар какшап кал! Турмуш куруп калсаң, боюңда бала эмес, жылан өрдөсүн”-деп каргап эле тим болдум. Карылар үйүнө келүүнү туура көрүп, Бишкекке келдим. Борбордо жатаканам жок же курсагым тойбой жүрүп, өзүм теңдүү бир киши менен таанышып калдым. Экөөбүздүн турмушубуз окшош экен. Ал бир үйдүн жер төлөөсүндө жашаарын айтты. Ошентип, жалгыздыктын күнүн көрө баштадым. Алгач кайыр суроодон бир аз намыстанып турдум.

Ар кимди карап жалтаңдамыш этем, бирок, нанга акча табыш керек эле. Күндө бир жерден эле сурабастан ар тарапка барып, кайыр сурап калабыз. Азыр төрт адам бир жашайбыз. Кимибиз канча тапсак, нан, тамак алабыз. Кайырчылык кылганыма алты жылга айланды. Жылдан жылга ден-соолугум начарлап, көп ооруйм. Келиним менен неберемден дайын жок. Башкасына да кайыл элем, көзүм өткөнчө уулумдан калган жалгыз туягым неберем Бакытты бир көрсөм, арманым жок эле. Айдаркенде эч кимим калган жок. Кокус өлүп калсам, мени ким көмөт деген ой көп келет. Кээде туруп, кең ааламга батпай жашагым келбей кеткен кезде жашым сексендерге таяп калса да Жараткан менин өмүрүмдү алганды унутуп калганбы деген ой келет. Ажалымды күтүп жашайм.  Өткөн жашоомду кээде уйкусуз муздак, сыз жерде жатканда, көз алдыма элестетип, бир бактылуу көз ирмемдерге кабылам. “Бири кем дүйнө” деген ушул экен, өлбөстүн күнүн көрүп, карылар үйүнө деле барбай, көчөдөн тапкан досторумдун арасында уу ичсем да, суу ичсем да өлбөсүн күнүн көрүп күн кечирем.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *