Карызың канти Кыргызстан: Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд долларды түздү

Мезгил

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊеште «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Министр айымдын маалыматына таянсак анын 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат.

-Ушу тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүӊ өнүмгө карата 56,7 пайызды түзөт, – деди Жээнбаева

2018-жылы мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалган. Анын  7,1 млрд сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 млрд сому негизги карыздарды жабууга чегерилген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *