Кашкар мырзага бир собол: Кулиев деген эргулга кимдин сөзү өтөт?

Мезгил

Буга чейин бир канча жолу басылма беттерине Бишкек шаарынын Ленин районунун РИИБисинин начальниги Мадияр Кулиевдин дарегине карата катуу сындар айтылган жана жазылган. Бирок, эч кебелбей, эч нерсе болбой, айтылган сындарга көңүл бурбай, түшкө чейин келип иште болуп, түш оой иштен кетип көнгөн Мадияр мырзанын таянганы ким болду экен? –деген суроого жооп табуу деңизден чуңкур казганга тете иш болуп турган кез.

Эгер башка бирөөнө Мадияр мырзага айтылгандай сын айтылса, эчак иштен кетип же кандайдыр бир чара көрүлөт эле. Бирок, Мадияр мырзага көңүл бурулбай жатканы да кандайыр бир жогору жакта таканчыгы бар экендигинен белги бергенсийт. Болбосо буга чейин бир тыянак чыгып, нааразы болгон элдин көңүлү жайланат эле го? Мадияр мырзага окшогон өзүн-өзү билген кыйын чыкмалар, милициянын атына терс таасирин тийгизип жатканы да чын.

Ооба, эгер айтылган маалыматтарга карата ишеним жок болсо, ал жерде иштеген формачандардан сурамжылашса эле бири болбосо бири айтаары бышык “биздин мекеме ич ара чирип баратат” деп. Бирок, Мадияр мырза жогору жактын оозун жаап койгон окшойт, эмнегедир эч нерсе болбогондой санаасы тынч. Ооба, “пулуң болсо кулуңмун” дегендей, пулдун күчү Мадияр өңдүү ишке жөндөмсүздөргө жол ачып, ишти артка тартып жатканына бармак тиштеп өкүнгөндөн башка айла жок. Бирок, ага иши түшкөн карапайым калкты ким ойлойт?

Буга мисал катары райондук башкармалыкка  Арча –Бешик конушунун жашоочуларынан жазылган арыздарды  айтсак болот. Анда ууру, шылуундардын аты, жөнү ал тургай видеолоруна чейин берип кайрылса да каралбай жатканы, буга чейин айтылып келген кылмышкерлерди коргоп, алар менен бирге иш алып барат деген сөздөр туурабы деген шек жаратат.

Мындан улам Мадияр мырза эси барда, этегин жаап ишин ондобосо, карапайым элдин чыдамынын да чеги бар экенин эске салабыз.  Анан да өйдө жактагы опол тоодой таянары эркеталтаң жетекчи Мадияр мырзага сөзү өтсө жок дегенде сөгүш жарыялап койсо ашыкча болбойт эле. Ооба, “айткандын ооз жаман, ыйлагандын көзү жаман” дегендей, айтып жатып тил тешилип, жазып жатым калемдин сыясы да түгөнмөй болду.  Дегенибиз, милиция элди коргобой эле кылмышкерлер менен табакташ болуп кеткендей элес берет. Ал эми бул милицияга карата ишенимди кетирип жатканын да эске алганыбыз жөндүү. Кыскасы, Мадияр мырза  иштей албаган соң, орунду бошоткону эле оң болот го.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *