Касиеттүү Бас-Бөлтөк тоосу бузулууда

Мезгил

Касиеттүү Бас-Бөлтөк тоосу жок болуп кетүү коркунучунда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар коңгуроо кагууда.

Байтик айыл өкмөтүнүн тургундары, Бас-Бөлтөк тоосунда бүгүн кытайлыктардын  7 чакан кирпич заводдору иштеп жаткандыктарын, азыр дагы кошумча 32-ишканага лицензия берилгенин, буга каршы чыккан “Байтик” айыл өкмөтүнүн башчысынын үстүнөн кылмыш иши козголгонун айтышат. Ошондой эле алар  президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошконун, кайрылууда  Жунушбаев Бакыттын үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулушун жана Бас-Бөлтөк тарыхый мурастардын тизмесине киргизилишин суранышкан.

Бас-Бөлтөктү сактайлы элдик кыймылынын мүчөлөрү эгерде 40 жакын завод иштей баштаса, тоодон тамтык калбай, терс кесепетин Бишкек шаарынын тургундары дагы сезишет. Анткени, тоодон соккон шамал менен кошо иштетүүдөн чыккан будуң-чаң шаарды каптаарына шек деле жок, -дешет.

-Бүгүн кытайлыктар топурагынан кирпич куюп жатышат. Азырынча 7 чакан кирпич заводдору иштеп жатат. Андан тышкары 32-лицензия берилиптир. Буга каршы чыккан “Байтик” айыл өкмөтүнүн башчысын сотко беришип, кылмыш ишин козгошуптур.

Жергиликтүү тургундар мындай терс көрүнүштөр Кыргызстандын ар бир аймагында болуп жаткандыгын, ошондой эле жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынбай жатканын айтат.

Кумтөр, сол жээктеги Талды-Булак, Иштемберди, Талас, Нарын жана Баткен облустарындагы майда кендерди өндүрүүдөн келип чыккан чатактар, мамлекеттик тоо-кен системасынын коррупцияланашып кетишинен келип чыгат десек жаңылбайбыз. Ошондой эле жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эсепке алынбай калганы ичти күйдүртпөй койбойт. “Өсөөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт” деген элибиздин учкул сөзү эске келип, мындай жүрүп отурсак акыры эгемендүүлүгүбуздөн дагы ажырап калабызбы деген ой келет экен-дешет Байтык айыл өкмөтүнүн тургундары.

Тарых барактарында бул тоо  “Байтиктин бас бөлтөгү” деген ат менен белгилүү. Бул тоонун кыргыз элине Сулайман тоосундай эле ыйыктыгы бар. Ушул тоонун чокусунда Байтик-баатырдын кароолу жайгашып, ушул тоодон Кокон хандыгынын бийлигине соку урулган. Этегинде Канай, Өзүбек, Байтик жана башка баатырларыбыздын сөөктөрү коюлган. Тоонун башына чыккан адамга ары жагы Кара-Балта, бери жагы Токмок көрүнөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *