Кат жаздың мага катасы толтура… Төрага актанды

 Мезгил

Жогорку Кеңештин Аппараты   социалдык тармактарда тарап катуу талкууга алынган ката жазылган кат  боюнча билдирүү таратты.

 Маалым болгондой, аталган документ парламент тарабынан жөнөтүлгөнү, бирок төрага өзү жазбагандыгы  айтылды.

Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганы билдирүүдө айтылат.

“Катты тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган”, —деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин интернетке премьер-министрге жазылган, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго таандык делинген кат жарыяланган. Документ мамлекеттик тилде жазылып, чыгыштама номери менен мөөр коюлган. Анда «премьер-министр» деген сөз «пример-министр», Абылгазиевге дегендин ордуна «Абылгазиеву» болуп жазылып калган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *