Катуу сабалып каза болгон Нигериялык жарандын жубайы кыргыз болгон. Артында эки кызы калды

  Мезгил

Бишкектин борборунда катуу сабалып каза болгон Нигериянын жараны Али Абубакардин артында эки кызы калды. Анын жубайы кыргыз болгон.

Ал Бишкекте 2000-жылдан бери жашап жаткан. Али Абубакар Нигерияда төрөлүп, Бириккен Араб Эмираттарында жана Кыргызстанда (эл аралык «Ала-Тоо» университети) билим алган. Ал Кыргызстанда аталган тил үйрөтүүчү мектепти негиздеген.

  Ал «Кембридж скул» (Cambridge School) тил үйрөтүүчү мектебинин директору болчу.

 Белгилей кетсек, 2-июлда   Нигерия жараны Улуттук госпиталга оор абалда түшкөндүгү кабарланган. Ошондон бери комадан чыга элек болчу. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында чет элдик жаранды сабоого шектүү катары 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну К. Э. аттуу жигит кармалган.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шектүүнү таап чара көрүүнү, ал эми жабыркаган чет элдик жаранга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *