Каза болгон жоокер Атамбаевди колго түшүрүү боюнча атайын операцияны жетектеп жаткан

  Мезгил

Кечээ Кой-Ташта каза тапкан жоокер – “Альфа” атайын багыттагы бөлүмдүн командиринин орун басары болчу. Бул тууралуу Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия борборунан билдиришти.

Подполковник Үсөн Ниязбеков экс-президент Алмазбекк Атамбаевди колго түшүрүү боюнча атайын операцияны жетектеп жаткан. Ал ок жеп, ооруканада жан берди.

 Жалпысынан кечээки Кой-Таштагы окуядан  22 жоокер жана 2 милиция кызматкери жабыркаган.

Белгилей кетсек, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүргөн. Бирок, Атамбаевдин тарапташтарыаны алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *