Мезгил
Казакстандын президентинин 4-майдагы жарлыгы менен Ашимбаев Маулен Сагатханулы Казакстандын Сенатынын депутаты болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын Сенатынын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укуктары 2-майда токтотулган болчу.
Маалыматка ылайык, М.Ашимбаев 2019-жылдан бери Казакстандын Президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан.