Казакстан, Орусия, Беларусия, Армениянын премьер-министрлери Чолпон-Атага келишти

Мезгил

Бүгүн, 9-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул жыйынга катышууга Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Белоруссиянын премьер-министри Сергей Румастар келишти.

Аларды кечээ Тамчы айылындагы  “Ысык-Көл” эл аралык аба майданынан Кыргызстандын вице-премьер министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстанга келген премьер-министрлерди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *