Казак ырчысы, актриса Камшат Жолдыбаева ар кандай образдагы ролду жаратканды жактырат

Мезгил

Казакстандын ажарлуу теле алып баруучусу, ырчы жана актриса Камшат Жолдыбаева 1988-жылы Казакстандын Форт Шевченко шаарыда жарыка келген. Үй-бүлөдө эң улуусу өзүнө кичүү сиңдиси менен иниси бар. Сиңдиси Алтынай эжесинин жолун жолдоп  JayRun тобунда ырдайт. Таланттуу эже-сиңдилердин Руслан Нурбергенов учурда искусство академисынын студенти, бир катар музыкалык доолборлорго катышып келет.

Алгачкы кадамы

Камшат Жолдыбаева ырчы эмес англис тил сабагынан берген мугалим болууну кыялданган. Мектепти бүтүп Казакстандагы университеттердин бирине педагогига бөлүмүнө тапшырган. Студент кезинде анын жашоосу түп тамыры менен өзгөргөн. Ал кезде  «КешYOU» группасын угуу үчүн барып калып топко кошулуп калган. Келечекте ырчы алып баруучу болуп калам деп ойлобогон Камшат акырындан чыгармачылыкка аябай берилип Педагогигалык университтеттен Казакстандагы Т. Жургенов атындагы искусство академиясынын эстрада факультетине профессионал ырчы болуу үчүн которулуп кеткен. 

Чыгармачылык чыйырында

  «КешYOU» тобунда ырдап чыккандан кийин өз күйөрмандарын таап поплярдуу боло баштаган.  Бирок аталаган топтун өмүрү көпкө узаган жок. Себеби өз алдынча ырдап чыкканды каалашкан ырчылар 2015-жылы тарап кетишкен. Камшаттын ал учурда чыгармачылыганда жаңы ачылыштар болуп ырчы эле эмес актриса теле алып баруучу катары да өзүн сынап көрүүнү чечкен. Ал Казакстандын “Хабар” телеканалынын “Жандуу үн” доолборун алып барган.

Тартылган фильмдери

“Любовь тракториста” тасмасында белгилүү актёр Берик Айтжанов менен чогуу катышат. Анда башкы каарман сулуу Белла аттуу кыздын ролунда ойногон. Андан кийин бир топ “Биржа сал”, “Чужие дети”, “Коктейль для звезды” жана “Тараз” жана башка тасмаларда роль жаратат. Камшат Жолдыбаева бир гана экинчи ролдордо эмес “Казакское ханство. Алмазный меч” тарыхый драмалык сериалында башкы каармандын да образын жараткан. Актриса тарыхый эле эмес ар кандай ролдордо ойногонду жакшы көрөт.

Репертуарындагы ырлары

Ырчы Камшат Жолдыбаеванын эң популярдуу болгон ырлары “Сен муңайба”, “Дагы да сүй” жана “Падыша” чыгармалары ага ийгиликтерди алып келген. Ошондой эле репертуарында “Сүйүктүүм”, “Бирге”, “Махабат дастаны” жана башка көптөгөн ырлар жыйнагы бар.

Атабеков менен аткарган ыр

Кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Атабеков менен “Тыңда мени” аталышындагы ырды чогуу  аткарып чыккан жана ага клип тартырышкан.

Бирге дует ырдоо сунушун ырчы Мирбек Атабеков өзү сунуштаган. Клип былтыр 2018-жылыл жарыкка чыккан. Бирок ал клиптеги ачык кадрлар көпчүлүк сынга алып аябай талкуулашкан.

Ал эми Кыргызстандык ырчы Атабеков журналистерге берген маектеринин биринде “ Жубайым Мээрим башка өлкөлөрдүн ырчылары менен чогуу дует ырдоону сунуштаган. Клиптин сценарийи режиссерго таандык менин тиешем жок. Тартуу учурунда келинчегим жанымда жүргөн”- деп айткан.

Жеке жашоосу

Казак актриса жана ырчы Камшат өзүнүн жеке жашоосу тууралуу көп айта бергенди жактырбаган сырдуу айым. Аны шоу дүйнөсүндөгү бир дагы мырза менен мамиле курганын күйөрмандары жана журналистер көрөгөн эмес.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *