Казакстан Кыргызстандын жемиштерине койгон чектөөнү алды

 Мезгил

Кечээ 28-февралда   Астана шаарында     вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Казакстандын   премьер-министринин орун басары менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле конструктивдүү диалогду тереңдетүү боюнча милдеттерди аныкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, казак тарап Кыргызстандын  Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын алынган нотификациялар боюнча маалыматын караган соң, 19-февралда  киргизилген Казакстанга  картөшкө, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алып салуу каралган Протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланган. Тараптар Кыргызстанга  казакстандык комиссияны жөнөтүүгө макулдашышты, алардын сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлүнүн эквиваленттүүлүгүн таануу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе ЕАЭБ Кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген кезектеги жыйынына чыгарылат.

Ошондой эле тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, ошондой эле Чу дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөнү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Сапардын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясын кабыл алды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *