Казакстан  медициналык беткаптарды  экспорттоого тыюу салды. Кыргызстанчы?

Мезгил

Казакстан  медициналык беткаптарды  экспорттоого тыюу салды. Буга  Кытайда тараган коронавируска байланыштуу медициналык беткаптар кымбаттаганы себеп болгон. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Диас Ахметшарип массалык маалымат каражаттарына маек берип жатып билдирди.

Ал медициналык беткаптарды саткан казак ѳндүрүүчүлѳрүн сынга алды.

-Өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун этикага сыйбаган аракеттерин баса белгилегибиз келет. Алар запастагы беткаптарды Кытайга сатышкан, буга байланыштуу өкмөт экспортко тыюу салды. Ал эми өлкөдө суроо-талап көбөйгөнүнө байланыштуу өкмөт беткаптарды өлкөгө ташуу маселесинин үстүндө да иштеп жатат- дейт Диас Ахметшарип.

Маалымат катчы Казакстанда бул вирусту жуктаргандар каттала электигин,  Кытайдан келген ондогон жарандар карантинде экендигин кошумчалайт..

Ал эми Кыргызстанда коронавирусту текшере турган аппарат да жок. Бирок,  эчки тууй албай жатып койго арачы түшүптүптүр дегендей кыргыз саясатчылары Кытайга жардам бергиси келет. Мисалы, «Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков Кытай элине жардам берүү максатында 50 миң медициналык беткап жөнөтөрүн билдирген.

Эмне дейбиз? Биздин аткаминерлер деле казак аткаминерлеринен аз да болсо үлгү алып алгач Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иш кылышса деген гана ойду айткыбыз келет. Анткени, Кытайды ойлогон саясатчылар жаман айтпай жакшы жок дейт аталган дарт Кыргызстанга келсе элди кантип сактайбыз деген ой менен азырынча баштарын оорута электей…

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *