Казакстан менен Кыргызстан бензинди импорттоо боюнча макулдашты

Мезгил

Казакстан менен Кыргызстан бензинди импорттоо боюнча макулдашты . Иштиктүү топ бардык талаш маселелерди чечүү үстүндө иштеп, Казакстан менен Кыргызстан бензинди импорттоо боюнча бир пикирге келишти.

Буга чейин вице-премьер министр Жеңиш Разаков калкты күйүүчү май менен камсыздоо зарылдыгын чечүүнү тейешелүү мекемелерге тапшырган эле. Ал эми июнь айынын башында кошуна өлкөнүн Энергетика министринин биринчи орун басары Махамбет Досмухамбетов Казакстан Кыргызстанга күйүүчү майды июль айынан тарта берип баштаарын айтканын, Жеңиш Разаков 25-июнда Парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинин отурумунда билдирген.

-Бажы төлөмү жок бензин сатып алуу боюнча протоколго кол коюлганы тууралуу маалыматтар бар. Жакынкы арада келишимге кол коюлат, – деди Жеңиш Разаков.

Эске салсак, Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май ташуу боюнча сүйлөшүү эки жылдан бери жүргүзүлүп, бирок иш оңунан чечилбей келген. Буга чейин Кыргызстанга мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салынган пункт талаш жаратканы айтылган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *