Казакстандагы жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандык сөөгүн мекенге жеткирүү боюнча элчилик иш алып барууда

   Мезгил

Казакстандагы жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктын сөөгүн мекенге жеткирүү маселеси чечилүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, 25-августта Алмата – Бишкек трассасынын 132-чакырымында «Тойота Ист» менен «Тойота Камри» кагышып, натыйжада Жамбул районунун ооруканасына 27 жана 18 жаштагы эки кыргызстандык жеткирилген.

 Бирок ал оор жаракат алгандыктан жаш эркек көз жумду.

Жол кырсыгы боюнча Казакстандын укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүүдө. Элчилик жабыркаган тарапка колдоо көрсөтүп жатат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *