Казакстандык көкбөрүчүлөрдүн өзбек көкбөрүчүлөрүнөн жеңилип калганын казак коомчулугу эмнеге оор кабыл алышты?

Мезгил. 

3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Өзбекстандан келген көкбөрүчүлөрдүн курама командасы казакстандык көкбөрүчүлөр менен беттешип, жеңип алган. Бул казакстандыктарды бир топ чууга түшүрдү. Жеңилүү ызасы ал турмак Федерация президентин алмаштыруу сунуштарына чейин жетти. Казак атуулдары командасынын жеңилип калганын оор кабыл алышты.

Казакстандын спорттун улуттук түрлөрү боюнча Федерациясынын президенти Бекболат Тлеуханов эмне себептен казак оюнчулары өзбек оюнчуларына утулуп калганын комментарийледи.

“Казакстандын курама командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда өзбек командасына жеңилип калганына карабай өзүн мыкты жагынан көрсөтө алды. Көкбөрүчүлөр оюнга жетиштүү даярдыксыз барышкан деп айтуу туура эме. Окуу-машыгуу таймаштары болуп турат, даярдануу  эки : жаштар жана улуулар түзүмү менен жүргүзүлөт. Биздин өлкөдө 300 көкбөрүчү бар. Коло медалга жетишүү такыр артта калды дегенге жатпайт. Анын үстүнө Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жаштардан турган команда барган”, – деди Тлеухан.

Айтымында, оюнга атайын жаштардан куралган команданы катыштырууну чечишкен. Анткени, алар да ири таймаштарга катышып, тажрыйба топтошу керек.

“Өзбекстандын курама командасынан жеңилип калууну трагедия көрө берүүнүн эмне кереги бар? Өзбектер эмне бизден начарбы? Өзбекстан – бул спорттук держава, спортчулары күчтүү, алардын  мүмкүнчүлүктөрүн ылдыйлатып кароого  болбойт”, – деген аталган Федерациянын президенти.

Казакстандык соцтармактардын колдонуучулары казак көкбөрүчүлөрүнүн өзбек көкбөрүчүлөрүнөн жеңилип калганын улуттук спорттун түрлөрү Федерациясынан көрүшкөн. Тлеухановдун отставкасын талап кылган комментарийлер жайнап чыккан. Бул тууралуу кабары бар экенин белгилеген президент, эгер өзүнүн ордуна татыктуу талапкер сунушталса, кетүү маселе эместигин белгиледи.

“3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жогорку деңгээлде өттү. Анда Казакстандын улуттук командасы экинчи орунга жетишип, мыкты жыйынтык көрсөтө алды”, – деп кошумчалаган Тлеухан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *