Мезгил
Казакстандык мушкер Геннадий Головкиндин кезектеги каршылашы белгилүү болду.
Маалыматтарга ылайык, Головкиндин атаандашы поляк спортчусу Камил Шеремета экендиги айтылды.
Учурда Шеремета WBC менен WBA рейтингинде жогорку сапта жайгашкандардын катарында. Ал эми бул спортчудан алдыда турган жалгыз мушкер Геннадий Головкин болуп саналат.
Эске салсак, 2018-жылы 16-сентябрь күнү Лас-Вегас шаарында профессионал мушкерлерГеннадий Головкин менен Сауль Альварес экинчи ирет беттеш өткөрүп, казакстандык мушкер алгачкы ирет жеңилүү ызасын тарткан.