ДКО: Казакстандын көк бөрү боюнча командасы оюн талаасына чыккан жок

Мезгил

Казакстандын көк бөрү боюнча командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы топтук этаптын 1-турундагы оюнга чыккан жок.

Көк бөрү турнири бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталган.

  Казакстандыктардын командасы саат 12:30гө белгиленген 1-турда Красноярсктан келген команда менен беттешмек. Бирок алар оюн талаасына чыгышкан жок.

Ал эми буга чейин Казакстандын көк бөрүчүлөрү толугу менен Чолпон-Атага келгени маалымдалган болчу.

Булак: Мезгил Ньюс
 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *