Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди (фото)

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

«Манас» эл аралык аэропортунда аны  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган, алардын катарында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү.

Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Ошондой эле Казакстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

 

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *