Мезгил
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапарын Орусияга жасайт. бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Анда маалымдалгандай, иш сапар 3-апрелде болмокчу.
Маалыматка караганда, Токаев бул сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Эки лидердин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар болот
Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлары пландалууда.