Кеңеш: 30 жаштан кийин бетке кандай кам көрүү керек?

Мезгил

Жыл өткөн сайын беттин териси өзгөрүп ар кандай пигментик тактар, бырыштар, көздүн айланасына кара тактар тушө баштап, клеткалардын жаңылануусу жай жүрөт. Отуз жаштан кийин бетти тазалап нымдандыруу жетишсиз. Адистер косметика тандаганда  сапатына карап туура тандоо керек дешет. Ар бир колдонуп жаткан косметика каражаттарын колдоноордо анын курамын, мөөнөтүн карап колдонуңуз.

Күндө бетти тазалап жууп нымдандыруучу кремден жука сүйкөп туруу керек. Айрыкча жай мезгилинде денебиз да нымдуулукту талап кылат. Косметологтор косметика каражаттарын аларда анын жаш курак карап алууну сунушташат. Гидроксиль жана гиалурон кислотасы кошулган косметикалар жакшы. Гидроксиль кислотасы беттин жаңыланып туруусун тездетет. Ошондой эле, витаминдүү нымдандыруучу сывороткаларды колдонуңуз. С витамини терини нымдандырып гиперпигментти (гиперпигментация) айыктырат.

Күндөн коргоочу крем

Эгерде күндөн кооргочу кремди колдонуунун пайдасы жок десеңиз жаңылышасыз.  Бул кундүн ачуу тийген нурунан сактап бетке бырыш тушүсунөн сактайт. SPF кремдер бетти УФ кундун нурунан эле сактабастан териңизди нымдап турат. Муну кун сайын колдонуу сунушталат. Эгерде күнгө көп чыкпасаңыз 15-20, ал эми көп жүрсөңуз 30-50лугун колдонуу туура болот.

Төмөндө SPF креминин түрлөрү

Тип кожи Сильная солнечная активность Средняя солнечная активность Слабая солнечная активность
ФОТОТИП I SPF 30-50 SPF 30-50 SPF 15-20
ФОТОТИП II SPF 30-50 SPF 30-50 SPF 12-15-20
ФОТОТИП III SPF 20-30 SPF 20-30 SPF 12-15
ФОТОТИП IV SPF 20-30 SPF 12-15 SPF 12-15

 

Түндө уктаарга жакын беттеги көйгөйлүү жерлерди дарылоо үчүн эң сонун убакыт.  Жумасына бир-эки жолу азыктандыруучу маска коюу керек. Айрыкча көздүн астына нымдандыруучу маска коюп андан соң атайын (крем вогруг глаз)көздүн тегерегине арналган түнкү крем сывораткадан сүйкөп койсо жакшы. 

Өзүңүздү баалаңыз

Косметолог дерматологторго жок дегенде эки айда бир барып кеңеш алып турууңуз. Мончого көбүрөөк барып ысык нымдуу парга олтурганда пайдалуу. Анткени теридеги өлгөн клеткалар кетип тери жаңыланат. Бетке жана денеге массаж жасатып турган да жакшы. Бирок туура жасоо зарыл. 

Жүзүңүзгө эле эмес денеңизге да кам көрүүңүз.  Айрыкча 30 жаштан кийин эртең мененки сууга түшүү пайдалуу. Жуунгандан кийин азыктандыруучу лосьон колдонуңуз.  Эрте менен эле эмес кечинде да жууну зарыл.

Жашыбыз улам өйдөлөгөн сайын тишибиздин түсү да өзгөрүп жана эмалдар жукарып баштайт. Андыктан тиштериңизге да кам көрүп азыктандырып бир айда бир тиш доктурга барып туруу керектелет. 

Туура тамактануу 

Туура тамактанып пайдалуу азыктарды жеген да теринин жакшы калыпта сакталышына жардам берет. Мисалы, деңиз азыктары, кургак жашылча жер жемиштер, жаңгак, жалбырактуу жашылчалар, мөмө-жемиштер ж.б.у.с. табигый азыктар менен азыктануу кажет. 

Куурулган тамактар, тез-даярдалчу фас-фуддар, спирт ичимдиктер кофе  жана таттуу азыктар да бырышты пайда кылат. 

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *