Кеңеш. Чачты азыктандыруучу маска

  Мезгил

Чачка да жумасына бир жолу азыктандыруучу маскалардан коюп туруу керек. Жумасына маска коюп жакшы кам көргөндө жыйынтыгы сиз күткөндөн да жакшы болот. Бирок кандай гана маска болбосун 30 минуттан ашык кармаганга болбойт.

Авокада жана зайтун майы

Бул үчүн бир авокада, бир  аш кашык зайтун майы жана эки жумуртканын сарысы керектелет. Баардыгын лгандан кийин аралаштырып чачтын этегине чейин сыйпоо керек. 5-10 минуттан кийин жылуу суу менен чайкоо керек. Жыйынтыгында чачыңыз жумшак болуп жылтылдап калат.

Быштак жана бадыраң

Бул азыктардан жасалган маска кургак чачтарга жакшы. Быштакты жана бир бадыраңдын сыртын арчып кошуп блендерден өткөрүү керек. Даяр болгон масканы 10минут коюп андан соң жууп салыңыз. Жумасына эки жолу жасап турган жакшы.

Киви

Чачтын узуундугуна карап ошого жараша кивини даярдайсыз. Кивини майдалап эзип, койгондон кийин 20 минут башта кармоо керек. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Кивиде Е, С, В6, В9 витаминдери жна фоли кислотасына бай. Бул масканы койгондон кийин чачыңыз сизге рахмат айтат.

Жумуртака жана бал

Жумуртканын сарысы менен бир аш кашык балды кошуп аралаштырп 20 минут башта кармап, андан соң жылуу суу менен чайкап салыңыңыз.

Банан

Банандан жасалган макска эң пайдалуу. Аны көздүн тегерегине, чачка, денеге да сүйкөсө болот. Жыйынтыгында баш териңизди нымдап чачыңызга сонун түс берет.Чачыңыздын узундугуна жараша бананды алып аны эзип даяр болгондон кийин 20 минут коюп андан соң жылуу су менен чайкап салсаңыз болот.

Алоэ менен бал

Алоэ менен балдын көп нерсеге пайдалуу. Ошондой эле чачка да жакшы. Эки чоң кашык алоэ ширесин таза бал менен аралаштырып, башыңызга сүйкөңүз. 15минут өткөндөн кийин жылуурак суу менен чайкоо керек. Жыйынтыгында чачыңыз жылтылдап жумшарып калат.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *