Кеңешбек Дүйшөбаев: Атамбаев чекеге чыккан чыйкан болуп, 3-революцияны жасоого камынган

Мезгил

Кечээ Атамбаевдин кармалганынан улам, бүгүн өлкөдө тынчтык орнойт деген ойдомун. Анткени Атамбаев чекеге чыккан чыйкан болуп, бийлик менен карма-каршылыкка барып, керек болсо 3-революцияны жасоого камына баштаган. Бул туурасында  УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

– Атамбаевге парламенттик комиссиянын чечими менен чыгарылган кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүүдө. Ал мындан да тереңделип изилденет. Андан соң Кой-Ташта болгон окуялар боюнча бир топ оор кылмыштар аталып жатат. Биринчи кезекте адам өлтүрүү, адам өлтүрүүгө даярдык көрүү жана массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча бир топ оор беренелерге айыпталат. Бул иштер боюнча терең иликтенип, элге жыйынтыгы жарыяланат деп ойлойм.

Ал эми Атамбаевди кармоодо бир аскер кызматкери каза таап, ондогон адамдар жаракат алган соң УКМК төрагасы Опумбаевдин отставкага кетүү ниетин билдиргени туура. Анткени ал жоопкерчиликти мойнуна алды. Ошол эле учурда президент да кызматтан кетүүсүн кабыл албаганы да туура. Себеби, жасаган ишин аягына чыгарып, бир тыянакка келиши керек –деди Дүйшөбаев.

Ошондой эле тилекке каршы 2002-жылдан бери канчалаган окуяларды башыбыздан өткөрдүк. Анда Аксы окуясын, 2005-жылы жана 2010-жылдагы окуялар эске түшөт. Кандайдыр бир саясий кызыкчылыктын айынан дайыма жөнөкөй эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери курмандыкка кабылып келишет. Эми ушул көрүнүштү токтотууга мезгил келгенин кошумчалады УКМКнын мурдагы төрагасы.  

– Кечээ элди пайдалана бербей колго түшүп бергени жакшы жыйынтык болду. Эми өлкө стабилдүүлүккө, тынчтыкка барат деп ойлойм. Негизи Атамбаев укутук талаадан чыкпай мыйзамга баш ийип, суракка өзү барганда мындай кырдаал болмок эмес.

Андан сырткары баардык кырдаалды күч колдонуп чече турган болсок, анын аягы эмне менен бүтөөрүн буга чейинки 2005-2010—жылдагы окуялардан баштан өткөрдүк. Ошондуктан, чектен чыгып кетүүдөн сактанышыбыз зарыл. Учурда тергөөгө толук мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Кечээки окуядагы кошоматчылардын, чагымчылардын баары жоопко тартылышы керек деп жатышат. Тергөө барын объективдүү карап, күнөөлүү болгон адамдарды гана жоопко тартышыбыз керек – дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *