Кечээ “Коопсуз шаардын” камераларын талкалап кетишти

 Мезгил

Түндө 9-августка караган түнү Бишкектин айрым жерлеринде “Коопсуз шаар” долбоорунун видеокөзөмөл камералары талкаланды.

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти. Андан белгилеп кетишкендей, бүгүн түнү Ала-Тоо аянтындагы митингчилер 3 камераны талкалап кетишкен. Жабдуулар 7 Апрель-Аалы Токомбаев, Чүй-Шопоков жана Бөкөнбаев-Абдрахманов көчөлөр кесилишинде жайгашкан. Мекемеден кошумчалагандай, бейбаштардын жүзү камерага түшүп калган, аларды укук коргоо органдары издеп жатат.

Ал эми учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун бүлдүрүлгөн камералары жол эрежелерин бузууну каттоосун улантууда. Мекемеден кошумчалагандай, бейбаштардын жүзү камерага түшүп калган, аларды укук коргоо органдары издеп жатат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *