Кечээки сүйүүм, бүгүнкү жездем

 Мезгил

Бул турмушта нелер гана болуп өтпөйт. Бирок, баарынан да ашыктыктын алоолонгон отуна күйүп азап чеккен баарынан жаман экен. Себеби, мен жүрөк сүйгөн адамым менен бирге боло албадым. Анткени ал адам  менин жездем болуп калды дейт бүгүнкү  биздин каарманыбыз.

Сен жана мен

– Бир кездеги оюмда оюндан башка эч нерсе билбеген жылаӊайлак суу кечкен балалык кезим эске түштү. Ошол алтын күндөрүмдү эми кыйкырып, кыйналсамда кайра кайтара албасмын. Аттиӊ десеӊ, ошондой таттуу күндөрдү бир жерден таппай убарамын.

Ал эми азыр болсо, кыз киши чоӊоюп калгандан кийин «качан турмушка чыгасыӊ, убактыӊ деле келип калды» деген сөздөрдөн тажайт экенсиӊ. Сүйүүсүн арнап, артыман чуркаган балдардын саны арбын болсо дагы а бирок менин жүрөгүмдүү ээлеп кайда барбайын оюмдан кетпеген адам бар болчу. Анткен менен эӊ өкүнүчтүүсү ал адам менин ага болгон таза тунук, аруу махабатымды сезбей, мага карындаш катары мамиле кылчу. А менин кыялымда болсо, ал адамды эбак эле мендик кылып ээлеп алгам.

Капысынан бир күнү  “кир, кирегой, азыр аяш атаң турат”,- деп жаткан апамдын үнүнөн улам уйкулуу көзүм умачтай ачылды. Келген адам менин жан-дүйнөмдү, жүрөгүмдү ээлеп алган атамдын досунун баласы Нурэл эле. Качандыр бир кезде ал  баары бир меники болот деп ойлочумун. Ордуман тура калып саксайган боюнча мойнуна асылдым.

– Нурэл байке-е…

– Кандай жүрөсүң, Сезим- деп баратып мени кучактап турган колдору бошой түшкөнүн байкадым. Бетине карасам кимдир бирөөнү кызыга карап калган экен. Артыма кылчайып, мени таңгала карап турган эжемди көрдүм. “Эмне киши көрбөгөндөй карайт?” деп жиним келип кетти. Андан да Нурэлдин эжемди карап талып калганына жаным кашайып турду.

– Са… саламатсызбы?

– Саламатсыз…- эжем кадимкидей жагымдуу жылмайып күлүп койду да, ары кирип кетти. Билбейм, негедир ошол учурда эле кызганычтан жүрөгүм тарыла түштү. Туйтуңдап тескери бастым.

Ошондон баштап Нурэл биздин үйгө көп келе баштады. Мени менен саламдашып эле үйдү айланта карап Мээрим эжемди издеп жаткандай туюлчу. Ансайын жаным кашайып, көзүм караңгылай түшөт.

 Сабактан келе жатып, Нурэл  менен бир бийкечтин ээрчишип кетип бара жатканын көзүм чалып калды. Ал өзүмдүн эжем Мээрим  экен.

Экөө бири-бирине бактылуу жылмайып кетип баратышыптыр. Көпкө узата карап турдум да, шалдайып отуруп калдым. “Мен сени эч кимге бербейм. Сен ме­ни­кисиң,  сен мен үчүн жаралгансың” ушинтип ыйлап да, сүйлөп да жаттым. А бирок, бул айткандарыма  бир гана бак дарактар күбө.

Жакында той

  Ансыз да көӊүлүм жок үйгө келсем, ичкериден атам, менен апам сүйлөшүп жатышкандырын кулагым чалып калды.

– Кийинки жума Нурэлдин ата-энеси куда түшүп келмекчи болуп жатат,- деди апам.

– Балдар эмне анча шашылышты? Окууларын бүткөндөн кийин деле…- деген атамдын жай кобураганы угулду. Мен турган ордумда катып калдым. Ушундай болот бе­ле? Ал менин адамым эке­нин, мен эңсеген, мен күткөн, өмүр бою десем көптүк кылаар, эс тартканы эсимден кетпей, жүрөгүм­дүн жарымын арнаган адам экенин эмне үчүн эч ким түшүнбөйт?

– Кызым, эмне мынча купкуусуң? Ооруп калган жоксуңбу?

Аңгыча аркы бөлмөдөн чыга келген апам үстүмө үйрүлө калды.

Мен апамдын колун силке берип үйдөн атып чыктым. Оюма эч нерсе келген жок. Болгону мен Нурэлге барып, сезимимди айтам деп чечтим. Жамгыр куюп турган эле. Мен алардын дарбазасына жакындап жетип, коңгуроосун баса берээримде кимдир бирөө ача салды. Карасам, Нурэл экен.

–Ал эч нерседен кабары жок «Ой, Сезим сенби? Эмне мынча кеч?»- деп адатынча жылмайып сүйлөй берди. Чыдабай кеттим. Мойнуна асыла калып ыйлап жибердим.

– Нурэл мен сени эч кимге бербейм.  Сенсиз жашай албайм. Мен деген…-Көз жашыма какап энтиге сүйлөп жаткан мени Нурэл каруудан ала токтотту. Ошондо гана эсиме келе түшкөндөй болдум.

– Сен эмне деп жатасың, секелек? Андай болбойт. Мен сени кичинекей карындашымдай көрөм.

Аттиӊ арман, бул  ааламдагы тирүү жандар жүрөгүмдүн жараланганын сезбегендей. Бир гана тилсиз ай гана мага жардам бергиси келип тургандай сезилди.

А бирок, бары мен күткөндөй болбой, эжем менен Нурэл турмуш жолуна аттанышты. Ошондо гана чындап үмүтүмдү үздүм.  Азыр алар бактылуу өмүр сүрүшүүдө. Мен болсо, жүрөк сүйгөн адамга балдыз болуп калдым. Ошентсе да ага болгон сүйүүм дагы деле таза тунук бойдон. Бирок баары кеч да. Канча ирет жүрөгүмдү буйрук берип башка адамды сүйдүрө албадым. Эми мен таза тунук сүйүүнү күтүү менен гана жашайм…..

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *